Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:23

Украина 172 дрон чабуулуна кабылганын, Орусия сегизди атып түшүргөнүн билдирди


Согуштук дронду атып түшүрүү. Архив сүрөт.
Согуштук дронду атып түшүрүү. Архив сүрөт.

17-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 172 согуштук дрон, мындан тышкары «Искандер-М/KN-23» баллистикалык ракетасын жана зениттик башкарылуучу С-300 ракетасын учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Shahed дрондорунун 136сын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, 36 дрон 13 жерге түшкөнү маалымдалды.

Вице-премьер Алексей Кулеба темир жол подстанциялары аткылоого кабылганын, жүргүнчү ташуучу ондогон поезд токтоп калганын билдирди.

"Мындай соккулардын максаты бирөө гана — жүргүнчү жана жүк ташууну кыйындатуу, транспорт системасынын туруктуу ишин үзгүлтүккө учуратуу, адамдарга жана экономикага кошумча басым көрсөтүү", — деп белгиледи Кулеба.

Соккулардын көбү өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Черкассы жана Кропивницкий облустарына туш келди.

Учкучсуз учактардын бутасына алынганын Орусия да билдирүүдө. Бул өлкөнүн Коргоо министрлигинин 17-сентябрдагы маалыматына караганда, өткөн түнү Украина анын аймагына учурган согуштук дрондордун сегизи атып түшүрүлдү. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG