Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Трамп Путин анын көңүлүн калтырганын айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп.

18-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен өткөн маалымат жыйында Владимир Путин “анын көңүлүн калтырганын” билдирди.

“Ал менин көңүлүмдү калтырды. Ал көп адамдарды өлтүрүп жатат, анын (Орусиянын) жоготуулары Украинанын жоготууларынан да көп. Чынын айтсам, орус аскерлери украин аскерлерине караганда көбүрөөк кырылып жатат. Бул согушта миллиондогон адам көз жумду. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери мындай масштабда аскер өлгөн эмес. Дал ушул себептен аны токтотууга милдеттүүмүн деп эсептейм” , — деди Трамп.

Буга чейин Дональд Трамп Москва менен Киевдин жаңжалына чекит коюу үчүн украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийге келишимге барууга туура келерин айткан.

Анын айтымында, орус президенти Владимир Путин менен өткөн айда Аляскада болгон кездешүүсү «бир топ жетишкендикке» алып келди, бирок «танго бийин жуп болуп аткаруу зарыл».

Шаршембиде АКШ президенти Дональд Трамп мамлекеттик визит менен Британияга барган. Бейшембиде Трамп менен британ өкмөт башчысы Кир Стармер журналисттердин катышуусунда “технологиялык өнүгүү келишимине” кол коюшту. Ага ылайык, тараптар жасалма интеллект жана IT тармагында кызматташа турган болду. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG