Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Сот экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ишин Башкы прокуратурага кайтарганы белгилүү болду


Эмил Жамгырчиев
Эмил Жамгырчиев

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиевдин ишин башкы прокурорго кайтарып бергени белгилүү болду.

Райондук соттун маалыматына ылайык, ишти карап жаткан судья ушул жылдын 29-июлунда тергөө амалдарын жүргүзүү жана жаңы айып тагуу же айыптын классификациясын өзгөртүү чечимин кабыл алуу үчүн ишти башкы прокурорго кайтарып берүү чечимин кабыл алган.

2023-жылы 27-декабрда ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга парламенттен уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

2024-жылы 10-январда парламент депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Былтыр 24-январда Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган. 2-февралда кайра үй камагына чыгарган. Иш сотко өтүп көбүлөр сурала баштаган.

Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жамгырчиевдин арызынын негизинде аны депутаттык мандатынан ажыраткан.

2024-жылы 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Эмил Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге жазган делген катты көрсөткөн. Атайын кызматтын жетекчиси 10 барак катта ал колдоо сурап, Кыргызстанда кысымга кабылып жатканын жазганын билдирген жана 2022-жылы декабрда Ташкентте Салим Абдувалиев менен жолукканын кошумчалаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG