Бүгүн 19-сентябрда Франциянын борбор калаасы Парижде ЮНЕСКОнун башкы кеңсесинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган биринчи эл аралык конференциянын алкагында кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, тагдырын, өнүгүүгө зор салым кошкон чыгаан инсандарды чагылдырган француз тилиндеги “Кыргыздар” китебинин бет ачары өтүүдө. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
“Чыңгыз Айтматов жана ЮНЕСКО: дүйнөнү бириктирген жалпы мурас” аттуу эл аралык конференцияны Кыргызстандык ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлчүлүгү ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте уюштурду.
Китептин автору - Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев. Басылма он тилге, буга чейин орус, англис, немис, араб, кытай, корей, түрк, азери жана фарс тилдерине которулган.
“Кыргыздар” китебинде кыргыз элинин аңгемелери, каада-салттары, генеалогиялык маалыматтары жана руханий маданияты, фольклору, көп улуттуу Кыргызстандын шартында кыргыз элинин эволюциясын чагылдырган баалуу тарыхый материалдар камтылган.
Басылмада Кыргыз каганатынын негиздөөчүлөрүнө, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, ошондой эле улуттук-руханий баалуулуктарга, каада-салттарга, көркөм сүрөт жана прикладдык искусствого басым жасалган. Басылма кыргыз жаратылышынын ар түрдүүлүгүн да ачып берет.
Шерине