Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

ЖКны таркатуу тууралуу сунуш тиешелүү комитеттин күн тартибине киргизилди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламентти өзүн-өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйналышынын күн тартибине киргизилди.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, бул маселе боюнча депутат Улан Примов баяндама жасайт. Сунуш колдоо тапса ал жалпы сессияга чыгарылат.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулуп, сунуш парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жөнөтүлгөн. Спикер бул демилгени колдой турганын айткан.

Анда кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрү, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганы белгиленип, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылынган. Нурланбек Тургунбек уулу эки шайлоонун удаа өтүшү саясий жана экномикалык жактан өлкөгө кыйынчылык жаратат деп эсептейт.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60 депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен 30-ноябрда өтөрү айтылууда.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” маек берип, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG