Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

УКМК спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары (Т.С.С.), департаменттин мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси (А.Р.Д.) жана бир компаниянын (Т.Н.А.) директору кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик сатып алууларда Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилери катышкан коррупциялык схема аныкталган.

Департаменттин директорунун орун басары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси 2023-жылы “Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору” мекемеси түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу иштерин жүргүзгөн. Алар 30 млн сомго талапка жооп бербеген медициналык жабдуу сатып алып, баасын жогору көрсөткөн деген кине коюлууда.

Сатып алынган жабдуу бүгүнкү күнгө чейин толук ишке киргизилген эмес. Алардын баасын кымбат көрсөтүп сатып алгандыктан мамлекеттин бюджетине 10 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.

Башкы прокуратура август айынын аягында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Анда Дене тарбия жана спорт департаменти 6,2 млн сомдук спорт шаймандарын кымбат баада сатып алганы айтылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG