Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Бишкектин батышында сейил бак ачылды


Бишкектин батышында Мурманск жана Абакан көчөлөрүнүн ортосунда сейил бак ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки жарым гектар аянттагы сейил бакка 150дөн ашык дарак отургузулуп, балдар аянтчасы, чуркоо жолу курулган. Сейил бакты ачуу иш-чарасына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган расмийлер катышты.

Ушул эле күнү аталган сейил бактын жанында Ден соолукту чыңдоо комплекси да ачылды. Бул комплекске куудул Жаныбек Алыкуловдун ысымы берилген.

Бишкек шаарында жашыл зоналар жылдан жылга азайып бара жатат. “Арча” экологиялык демилгеси 2022-жылы соңку жылдары калаада жашыл зонанын аянты 20 пайызга азайганын билдирген. Бул маселеге шаардык тургундар көңүл буруп, бак-дарактарды көбөйтүү маселесин көтөрүп келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG