Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

"Уулумду согуштан кайтарып бергиле". 20 жаштагы жигиттин туугандары бийликке кайрылды


Украинадагы согушка "мажбурланды" делген жарандын жакындары.
Украинадагы согушка "мажбурланды" делген жарандын жакындары.

"Азаттыкка" Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну кайрылып, Орусияда миграцияда жүрүп абакка түшүп калган небересин Украинадагы согушка азгыруу болгонун, учурда уулу машыгуу лагеринде экенин айтып, кыргыз бийлигинен баласын мекенине кайтарууга жардам сурады.

"Он гүлүнүн бири ачыла элек уулумду сактап калгыла"

Кочкордогу Төлөк айылынын 75 жаштагы тургуну Курманбүбү апа 20 жаштагы небереси Орусияга иштегени кетип, ал жакта абакка түшүп калып, эми аны Украинадагы согушка алып кетип жатышканы тууралуу кабар келгенин айтты:

Курманбүбү апа.
Курманбүбү апа.

"Атасынын кан басымы жогору, энесинин жүрөгү ооруп, экөө тең иштейт албайт. Былтыр "Элдин баары Орусияга барып, иштеп атышат, мен да барып иштеп, ата-энемди дарылатам" деп мага келгенде эле "барба" деп айткам. Болбой кеткен. Барганынан көп өтпөй жалган жалаа менен кармалып, камалыптыр. Эми болсо минтип "согушка алып кеткен атышат, алып кеткиле" деп чалыптыр. Айланайын эл-журт, уулумдун күлгүндөй өмүрүн сактап калгыла, жардам бергиле, айланайындар, балам 20га эми карады, жапжаш! Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек мөлтүрөгөн бала болсо, согушка кантип барат!? Жалган жалаа менен камалганы аз келгенсип эми кантип согушка барат? Коопсуздук комитетинин төрагасы Кыдыршаевич, Журт атасы Нургожоевич, уулумду алып калгылачы, суранам, жардам бергилечи!".

Кочкордун 20 жаштагы тургуну Адилет (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) 2024-жылдын башында Орусияга иштегени кетип, май айында "Зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен айыпталып, тергөө абагына камалган. Адилеттин бир тууганы Урматбек иниси "жалган жалаа менен камалганын, сот видео далилдерге, аялдын тосмо арыз жазып бергенине карабай аны айыптап, үч жылга камап жибергенин" айтып берди:

Урматбек Аманат уулу.
Урматбек Аманат уулу.

"Мен да Орусияда болчумун, иним дүкөндө бир аял менен түртүшө кетиптир. Ал аял кызуу экен, инимдин үстүнөн арыз жазып салыптыр. Ага "Зордуктоого аракет кылуу" деген берене менен кылмыш ишин козгоп, камап коюшту. Биз дүкөндүн видеокамерасынан эч кандай зордуктоого аракет болбогонун көрсөткөн тасмаларды тергөөгө алып барып бердик. Аял менен сүйлөшсөк, ал "мага 2 млн рубль берсеңер, арызымды артка алам" деди. Сүйлөшүп атып 150 миң рублге көндү. Акчаны алгандан кийин "эч кандай доом жок" деп тосмо арыз жазып берген, бирок сот аны эске алган жок. Иним Москвадагы 3-тергөө абагында жети ай жатты. Октябрь айында сот өкүмү чыккандан кийин иним тергөө абагынан Тувадагы түрмөгө быйыл мартта этап болуп барган болчу".

"Тергөө абагында эле азгыруу болгон экен"

Урматбектин айтымында, иниси тергөө абагында жаткан кезде эле согушка азгыруу аракеттери башталган экен.

"Тергөө абагында жаткан кезде ал бизге телефон чалып турчу, ошондо айткан, келип, "көп акча аласыңар, 2-3 айда эле эркиндикке чыгасыңар, келишимге кол коюп бергиле" деп атышат деген болчу. Биз "ата-энеңди ойло, өмүрүңдү сакта, кол койбогун" дегенбиз. Макул деген болчу".

Жакындары ал Тувадагы абактан кат аркылуу байланышып жүргөнүн, акыркы жолу 26-августта кат жазганын айтып беришти. Ошондон кийин кабарсыз жүрүп, 13-сентябрда телефон аркылуу байланышка чыгып, Украинага согушка алып баратышканын, учурда Луганскиде машыгууда экенин, келишимге күчтөп кол койдурушканын билдирген.

"Баламды сабап, мажбурлап кол койдурушуптур"

Адилеттин атасы Рыскелдинин сөзүнө караганда, ага быйыл сентябрдын башында белгисиз бирөөлөр телефон чалып, абактагы уулу Украинадагы согушка барууга макул болгонун билдиришкен.

Рыскелди Назаров.
Рыскелди Назаров.

"Мага 3-4-сентябрь күнү белгисиз бир номурдан бирөөлөр чалып, "уулуңуз Украинадагы согушка барууга макул болуп, келишимге кол коюп берди. Бизге паспортуңуздун маалыматтарын толук жиберсеңиз, сиздин атыңызга акча салабыз" деп айтышкан. Биз аларды алдамчы шылуундар го деп ойлоп, тим болгонбуз. Кийинчерээк дагы кайталап чалышты. Ошондо тааныштарыбыз аркылуу ал номур Орусиядагы аскер комиссариаттарына тиешелүү болушу ыктымалдыгын текшертип, андай номур жок экенин билгенде дагы шылуундар деп ойлогонбуз. Анан эле 13-сентябрда балам Тувадагы түрмөдөн байкесине видео менен телефон чалыптыр. Аябай азып, арыктаптыр дешти. "Катуу кыйнашты, түнү менен иштетип, бетон куйдуруп атышты, согушка барууга келишимге кол койбоско чара калтырышкан жок, кыйноого чыдабадым, азыр Луганскиде машыгуудабыз, мага окшогон мусулмандар көп, 10-15 күндө согушка алып кетет деп атышат, алып кеткиле" деп айтыптыр. Балдар менин ден соолугумду аяп, айта албай жатып, үч күндөн кийин айтышты. Угарыбыз менен арга издеп, президент Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Ташиевге, сиздерге, Тышкы иштер министрлигине кайрылганы келдик. Баламды алып келип бергиле, суранам", - деди атасы Рыскелди.

Адилеттин жакындары уулун согуштан алып калууну өтүнүп, Тышкы иштер министрлигине да кат менен кайрылышкан. Аталган министрликтин басма сөз кызматы маалыматты ырастап, бул боюнча Москвадагы кыргыз элчилигине тапшырма берилгенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин имараты
Тышкы иштер министрлигинин имараты

"Жакындарынын кайрылуусу бүгүн (18-сентябрда) келип түшүптүр. Биздин Москвадагы элчиликке тиешелүү тапшырма шашылыш түрдө берилди" деп жазылган мекеменин маалыматында.

Каарманыбыздын жакындары адвокаты менен чогуу аны Кыргызстанга которуу маселесин карап берүүсүн өтүнүп, Башкы прокуратурага да кайрылышкан. Ал жактан жооп боло элек.

Украинадагы согушка Орусия тараптан катышкан кыргызстандыктар тууралуу, арасында көз жумгандар бар экени жөнүндө алгачкы маалымат согуш башталган 2022-жылдын жай айларында эле айтылган. Алардын ичинде айрымдары согушка Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жеринен кеткени аныкталган. Андай жарандарга согушка катышуу эркиндик жана акча кепилдигин бергени ачык булактарда деле айтылган.

Быйыл жазында Украинанын “Жашагым келет” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушка катышкан деп 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын 38и каза болгон. Иш жүзүндө мындан да көп болушу мүмкүн экени айтылып келет.

“Украинада согушта өлгөн уулумдун сөөгүн ала албай жатам”
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00

"Орусча жакшы билбеген жаштарыбызды мажбурлап согушка алып кетип атышат"

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жаштарды Украинадагы согушка мажбурлап тартуу аракети жүрүп жатканы тууралуу маселе 18-сентябрда Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Эрнис Айдаралиев Орусияда орусча сүйлөй албаган уландарды да согушка алып кетип жатышканын акыйкатчыга суроо берип жатып билдирди:

Эрнис Айдаралиев.
Эрнис Айдаралиев.

"Орусча жакшы билбеген жаш жигиттерибизди кыйнап кол койдуруп, согушка алып кетип жатышат. Алар өздөрү деле билишпейт, эмнеге кол коюп беришкенин. Эки-үч баланы мен элчилик менен сүйлөшүп алып калдым. Сизде маалымат барбы? Буга чейин ушундай эле жол менен 50-60тай баланы согушка алып кетишкен".

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева депутаттын айтканын ырастап, андай фактылар бар экенин билдирди:

"Ооба, андай фактылар бар. Мен өзүм иш сапар менен Орусияга барып, Сахароводогу миграция борборуна баргам. Ал жерде кармалып турган мигрант жарандарыбыз менен сүйлөшкөм. Ошондо алар мага да "орусча так билбейбиз, бизди түшүнүксүз кагаздарга кол койдуруп атышат" деп айтышкан."

Жакында Украинага барып, ал жакта туткунга түшкөн борборазиялыктар менен жолугуп келген журналист Адил Турдукулов иш жүзүндө бул цифралар алда канча көптүгүн белгилөөдө:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Биз Украинада согуш туткундары жаткан жерге барганыбызда биз менен сүйлөшкөндөр "согушка барбайсыңар" деп алданып калышканын, Луганскиде 15 күндөй эле кармап, анан согушка киргизип жиберишкенин айтып беришкен. Деги эле Орусиянын бийлиги согушка барууну кандай пропагандалап жаткан болсо, кыргыз бийлиги да мамлекеттик ТВлардан жана башка маалымат каражаттарынан Украинадагы согушка азгырылууга мүмкүн эместигин, ал кылмыш болорун, биздин мамлекетке чыккынчылык кылууга тете экенин тынымсыз эскертип туруусу керек. Орусиянын биздин мигранттар барып жаткан шаарларында Кыргызстандын консулдуктары бар. Алар ошол жакта мигранттарга согуштун кесепети тууралуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек эле. Ошондой алдын алуу иштери болбогондуктан биздин жарандар кайда баратканын билбей, согушка кеткендери бар. "

Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу билдирип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG