Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Британия, Канада, Австралия жана Португалия Палестина мамлекетин тааныды


Палестинанын желеги.
Палестинанын желеги.

Улуу Британия, Канада жана Австралия Палестинаны эгемен мамлекет катары тааный турганын жарыялады. Жекшембиде бул өлкөлөрдүн катарына Португалия дагы кошулганын Би-Би-Си жазды. Франция дагы ушул жумада жарыялайт деп күтүлүүдө.

Израил АКШ менен Европада террордук деп табылган ХАМАС тобу 2023-жылы 7-октябрда барымтага алган ондогон израилдиктер дагы эле бошотула электигин белгилеп, мындай чечимди "террорго багынып берүү" деп атады.

Канаданын премьер-министри Марк Карни "Израил өкмөтү Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөө үчүн методикалык түрдө иштеп жатканын” билдирди.

Карни Палестина бийлиги Канада жана эл аралык коомчулук менен бирге келерки жылы шайлоо өткөрүү, мамлекетин демилитаризациялоо жана башка реформаларды жүргүзүү үчүн иштеп жатканын айтты. Бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок.

"Канада жана Улуу Британия менен бирге Палестина мамлекетин таануу эл аралык аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат", - деп айтылат Австралия өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер Палестинаны эгемен мамлекет катары тааный турганын жарыялагандан кийин "Эки мамлекет жаңжалды чечет деген үмүт жоголуп баратат, бирок биз ал үмүттүн өчүшүнө жол бербешибиз керек", - деди.

Ошол эле учурда Улуу Британия ХАМАС тобуна каршы жаңы санкция салды. "ХАМАСтын палестин мамлекетин башкарууда жана коопсуздугун камсыздоодо келечеги жок", - деди Стармер.

Палестин автономиясынын тышкы иштер министри Варсен Агабекян мамлекетти таануу эки мамлекет принцибин сактап, Палестинанын көз каранды эместигин жана эгемендигин сүрөгөн кадам экенин белгиледи. "Согуш эртең бүтпөшү мүмкүн, бирок бул биз мындан ары дагы өнүгүшүбүз керек болгон алдыга кадам", - деп билдирди Агабекян Reuters агенттигине.

Палестинанын администрациясы Иордан дарыясынын Батыш жээгин көзөмөлдөйт. Газа тилкесинин бийлиги 2007-жылдан бери ХАМАСтын колунда.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги Австралия, Британия жана Канаданын чечимин сынга алып, муну ХАМАСка "сыйлык" катары баалап жатат.

Палестина мамлекетин БУУга мүчө 193 өлкөнүн 150гө жакыны тааныган.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге кол салуудан соң 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Алардын 140дан ашууну бошотулган. Бул окуядан кийин Израил Газаны ХАМАСтын таасиринен тазалоону максат кылып, аскердик операцияларды жүргүзүп, абадан, жерден сокку уруп келет. Чабуулдардан улам Газада гуманитардык абал кыйындап, миңдеген адам үй-жайсыз калды. Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 64 миңден ашуун киши каза тапканын өткөн жекшембиде маалымдады.

Кыргызстан палестин элинин өз алдынча чечим кабыл алуу жана көз каранды эмес мамлекет түзүү позициясын колдой турганын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-сентябрда Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитинде билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG