Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында тоодо калган ооганстандык туристтерге жардам көрсөтүштү.
Чет элдик эки жаран 20-сентябрда капчыгайдын шаркыратма тилкесине эс алууга чыгышкан. Алардын бири 23 жаштагы И.У.У. аттуу адам бутун кокустатып алгандыгын “112” кызматына билдирген.
Нөөмөттөгү 5 куткаруучу түнү менен жардамга барып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, тоодон алып түшкөн. Учурда туристтин абалы канааттандырарлык.
ӨКМдин маалыматына ылайык, “Ала-Арча” паркында куткаруучулар күнү-түнү нөөмөттө турушат.(ZKo)
Дагы караңыз
Шерине