Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

"Орусиянын өзүндө мунай тартыш болууда". Кыргызстанда бензиндин кымбаттоо себептери


Кыргызстанда жай айларында башталган күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу күздө да уланууда. Улуттук статистика комитети билдиргендей, А-95 үлгүсүндөгү бензин июндун башында 73 сом болсо, учурда 77-78 сомго чыкты. А-92 үлгүсүндөгү бензин 65 сомдон 71-72 сомго, дизел 73 сомдон 77-78 сомго көтөрүлдү.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы мунун себебин Орусиядагы тартыштык менен менен түшүндүрүүдө. Аталган ассоциациянын президенти Канатбек Эшатовго байланышып, муну дагы да кененирээк сурадык.

-Канатбек мырза, саламатсызбы? Мына Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май августтан бери, айрыкча сентябрдын башынан бери да кымбаттап кетти. Сиздердин уюм буга чейин учкай түшүндүрмө бергенсиздер, соңку жагдайларды чечмелеп, комментарийлеп коё аласызбы? Кыргызстанда күйүүчү май эмне үчүн кымбаттап жатат?

Канат Эшатов
Канат Эшатов

-Кыргызстандагы ички керектөөбүздүн көпчүлүк көлөмү Орусия Федерациясынан ташылып келет. Бүгүнкү күндө Орусиянын өзүндө тартыштык болуп жатат. Анткени, алардын мунайды кайра иштетүүчү бир нече заводу дрон чабуулунан улам иштебей турат. Андан сырткары дагы бир топ заводдор пландык ремонтко токтотулган. Ошондуктан Орусиянын кээ бир субъектилеринде өздөрүндө жетишпей калды. Орусиянын бийлиги так ошол ички көлөмдөрдү жабуу үчүн башка аймактардагы иштеп жаткан заводдордон так ошол тартыштык болуп жаткан аймактарга жөнөтүүдө.

Мындан сырткары Москва күйүүчү-майлоочу майды сыртка экспорттоого тыюу салды. Албетте, бул тыюунун Кыргызстанга тиешеси жок. Себеби, биз Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында жайгашканбыз. Биз ташый беребиз. Бирок тартыштыктын эсебинен кескин түрдө сатып алуучу дүң баалар өсүп жатат. Август айынан тартып, жума сайын баалар көтөрүлүп жатат. Сентябрдын башынан бери да ошондой эле өсүп келатат.

Орусиянын Ростов облусундагы мунай кампасындагы дрон чабуулунан кийинки өрттү өчүрүү иштери
Орусиянын Ростов облусундагы мунай кампасындагы дрон чабуулунан кийинки өрттү өчүрүү иштери

-Канатбек мырза, көрөрмандарга жөнөкөй салыштырууну келтире аласызбы? Мисалы, кыргызстандык компаниялар 2020-жылдын башында Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын дүңүнөн 300 доллардан алып турушканын мурдараак айтып бергенсиз. Дүйнөдөгү пандемиядан кийин баа 700 долларга, Украинадагы согуштан кийин 800 доллардын тегерегине чыкканын билебиз. Азыр бензиндин тоннасын канчадан аласыздар?

-Жыл башында дүң 20%га арзандоо болгон. Бирок баа кайрадан көтөрүлдү. Тактап айтканда, нарк тоннасына 700 долларга чейин түшкөн, кайра 800 долларга чейин чыкты. Башкача айтканда, ошо сиз айтып жаткан баа менен келатат азырынча.

Эгер чекене бааны айта турган болсок, А-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы жыл башында 64 сом 90 тыйын болуп аткан, азыр орто эсеп менен 71 сом 40 тыйын болуп жатат.

-Негизи Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин алардын өздөрүндө, алар менен байланышкан өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда башка да товарлар кымбаттап келатат. Сиз айткандай, бул көбүнчө дефицит менен байланыштуу. Эгер Орусиянын өзүндө бензин менен дизелдин тартыштыгы күчөп кетсе чет өлкөлөргө сатууга чектөө коюп коюшу мүмкүн эмеспи? Анда Кыргызстан үчүн башка варианттар барбы?

-Чектөө коюлганына эки ай болуп калды. Бирок жогоруда айтканымдай, биз ЕАЭБдин ичинде Орусия менен бирбиз, ошондуктан алар бизге экспорттоого тыюу салышпайт. Эгер кырдаал мындан да оорлоп кетсе, бизге да жаап салабы-жокпу, билбейм.

Мен билгенден башка – альтернативдүү каналдарды табуу биздин эң жогорку бийлик өкүлдөрүнүнүн көңүлүндө турат. Тиешелүү министрлик, мекемелерде да дагы кайсы жактан май сатып алсак болот, деген маселени дайыма караштырып келишет. Андан сырткары биздин ассоциацияга мүчө компаниялар да Орусиялдан башка дагы кайсы өлкөлөрдөн күйүүчү-майлоочу май алып келүүгө боло турганын изилдеп турушат.

-Канатбек мырза, өзүңүз айткан жагдайларды эске алуу менен Кыргызстандагы алдыңкы бир ай, үч ай же алты айлык үчүн болжолдорду бере аласызбы? Күйүүчү май дагы кымбаттайбы? Айдоочулар эмнеге даяр болушу керек?

-Андай болжолду азыркы учурда эч ким бере албайт. Анкени, кырдаал ушундай болгондуктан абал бир аптада деле өзгөрүп калышы мүмкүн. Айталы, Орусиядагы ошол эле пландык оңдоого токтогон заводдор иштеп баштаса, кырдаал эки аптадан кийин кайра оңолуп, баалар аз-маз түшүүсү мүмкүн. Ошондуктан азыркы шартта алдын ала айтуу кыйын.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG