Тажикстанда кардарларга көзү ачыктык, төлгө ачуу кызматын көргөзүп акча табуу мыйзамсыз деп саналат. Быйыл июль айында Ички иштер министрлигинин сунушу боюнча мындай ишмердик менен алектенгендерге 3700 сомониден 4500 сомониге (400-500 доллардай) чейин айыппул киргизилген.
Өткөн аптада атайын рейд учурунда Душанбеде төрт аял көзү ачыктык кылып, элден акча таап жүргөн деген шек менен кармалды. Аларга райондук ички иштер башкармалыгы административдик иш ачып, иликтөө жүргүзө баштаганы кабарланды.
Ички иштер министрлиги ар кандай оккульттук иштер менен алектенген адамдардын, андайларга кайрылгандардын да дата базасын түзүүгө милдеттендирилген.
Кыргызстандын өкмөтү былтыр "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамды ишке ашыруу максатында оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоого тыюу салган токтом кабыл алган.
Тизмеге сыйкырдын таасирин колдонуу, төлгө ачуу, көзү ачыктык кылуу, баш айландыруу, "окутуу", ийгиликке жана байлыкка жол ачуу, каргыш жана дубалоо сыяктуу кызматтар, ошондой эле спиритизм, шаманизм кирген. Мындан тышкары саламаттык сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын уруксаты берилбеген (аккредитацияланбаган) альтернативдүү дарылоо, көз карандылыктан арылтуу, бүбү-бакшылык, дубалап айыктыруу усулдарына да тыюу салынган.
Шерине