Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Эл аралык кылмыш соту Филиппиндин экс-президенти Дутертеге адамзатка каршы кылмыш үчүн айып такты


Родриго Дутерте, архив
Родриго Дутерте, архив

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутертеге адамзатка каршы кылмыш жасаганы үчүн айып такты.

AFP агенттиги жазганына караганда, судьялар экс-президент 2016-2018-жылдары 76 адамды өлтүрүүгө аралашкан болушу мүмкүн деп эсептешет. Дутерте быйыл мартта мекенине кайтып барганда кармалган. Аны күчтөп учакка отургузуп, Гаагага жөнөтүшкөн.

Эл аралык трибунал 80 жаштагы Дутерте жана дагы бир нече киши наркокартелдер менен күрөш маалында соттун өкүмүсүз адам өлтүрүүгө жана башка мыйзам бузууларга барган деген иштерди карап жатат. Ал саясаттын натыйжасында, түрдүү укук коргоочу уюмдардын жана журналисттердин маалыматына ылайык, 6 миңден ашык киши каза тапкан. Алар маңзаттарын колдонуу жана наркоаткезчиликке шектелген. Дутерте мекенедештерин баңгилерди жана маң заттардын соодасына аралашкан адамдарды өлтүрүүгө үндөгөн. Саясатчы үч наркодилерди өз колу менен өлтүргөнүн айтып берген учур болгон.

Коронавирус пандемиясы маалында ал карантинди бузган кишилер каршылык көргөзсө аларды атууга көрсөтмө бергени да белгилүү.

Родриго Дутерте 2016-2022-жылдары Филиппиндин президенти болуп турган. Быйыл март айында чет жактан Манилага учуп келгенде камакка алынган.


Шерине

XS
SM
MD
LG