Молдовада 28-сентябрда өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгында президент Майя Сандунун европачыл "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясы алдыга чыгууда. Аталган партия добуштардын 45 пайыздан ашыгын алганы алгачкы санакта белгилүү болду. Ал эми орусиячыл Патриоттук блок 25 пайыз менен экинчи келет жатат. Бул шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн мындан аркы өнүгүү багыты аныкталары айтылып жаткан.
Шайлоодо 14 саясий партия, төрт блок, төрт көз карандысыз талапкер ат салышты.
Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дө ачылды, 21:00гө чейин иштеди. Молдова боюнча 1973 шайлоо тилкеси уюштурулган, анын 12си Приднестровьедеги жарандар үчүн.
Молдованын жарандарына кайсы добушканада катталганын онлайн текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Негизи күрөш "Аракет жана тилектештик" (PAS) башкаруучу партиясы менен Орусияны жактаган жана социалисттер, коммунисттер кирген Патриоттук блок, "Молдованын жүрөгү" жана "Молдованын болочогу" партияларынын ортосунда жүрдү.
Өлкөнүн президенти Майя Санду эртең менен Кишиневдогу шайлоо тилкесинде добуш бергенде жарандарды шайлоого активдүү катышып, демократияны коргоого чакырды.
"Молдова, биздин жалпы үйүбүз коркунучта турат, азыр ар бириңиздерге муктаж. Силер аны өз добушуңар менен куткара аласыңар", — деди Санду.
Бул парламенттик шайлоолор Евробиримдикке кирүүгө талапкер болуп турган Молдованын келечеги үчүн маанилүү болчу.
Майя Санду башында турган жана Европаны жактаган PAS партиясы 2021-жылдан бери парламенттеги көпчүлүктү кармап турат.
Сурамжылоолорго таянып PAS азыр бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышы мүмкүн экени айтылып келаткан.
Шайлоонун алдында Майя Санду элге кайрылып, Европаны жактаган күчтөрдү колдоого чакырды, Орусия бийликке өз тарапташтарын алып келүү үчүн акча аябай жатканын айтты. Москва молдован шайлоочуларыны добушун сатып алуу үчүн жүз миллиондогон долларларды коротуп жатканын билдирди. Санду орусиячыл күчтөр жеңип чыкса Молдова Европадан оолактап, Украинанын Одесса облусундагы Орусиянын операциялары үчүн плацдармга айланарын жарыялаган.
Орусия башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишип жатат деген айыптоолорду такай четке кагып келет.
Шерине