АКШнын президенти Дональд Трамп 29-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алып, Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын талкуулады. Бул Трамп президентке киришкен быйылкы жылдын январынан бери Нетаньяхунун Вашингтонго төртүнчү сапары болду.
Жолугушууда Газадагы согушту токтотуу жана ХАМАС радикал тобу барымтада кармап турган израилдиктерди бошотуу боюнча АКШнын демилгеси талкууланганы белгилүү болду.
Ак үйдүн кире беришинде Нетаньяхуну тосуп алып жатып Трамп жакынкы арада тынчтыкка жетерине “толук ишенерин” билдирди.
Вашингтон буга чейин сунуштаган план 20 пункттан турат. Ага ылайык, ХАМАС кармап турган барымтадагы бардык туткундарды бошотсо Газадагы ок атууларды токтотуу каралган. Андан соң тилкеден Израилдин аскерлерин чыгарышы керек. Ошондой эле бул планда Израил Газаны басып же аннексиялап албашы керектиги да көрсөтүлгөн. Эгер план ишке ашса Газа тилкесин башкаруу укугу технократтык органга өтүп, анын курамына палестиналык жана эл аралык эксперттер кириши керектиги сунушталган. Ал эми АКШ, Европа Биримдиги жана Израилде террордук деп табылган ХАМАС тобунун мүчөлөрү саясий жараяндарга катыша албайт.
Жолугушуудан соңку маалымат жыйынында Трамп Нетаньяхуга өзү сунуштаган планды кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, ага колдоосун аябай турганын айтты. Ал ХАМАС тобу да бул планга макул болору тууралуу позитивдүү ишаарат бар экенин кошумчалады.
АКШ президенти бул Газа үчүн гана эмес, жалпы Жакынкы Чыгыштын келечеги үчүн маанилүү экенин билдирди.
Нетаньяху Трамптын планына макул экенин айтып, эгер барымтадагылар бошотулса анча чоң эмес чегинүүгө даяр болорун, кийинки кадам катары ХАМАСты толугу менен курал-жараксыз калтыруу экенин кошумчалады.
2023-жылдын 7-октябрында радикал топтун согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20дай киши тирүү деп болжолдонууда.
Бул окуядан соң Израил Газа тилкесине ири операция баштап, абадан жана жерден сокку уруп жатат. Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси өткөн аптада маалымдагандай, согуш башталгандан бери тилкеде 65 миңден ашык адам каза тапты, 167 миңден ашууну жарадар болду.
Шерине