АКШ президентинин администрациясында Украинаны Орусиянын чек арадан алыскы аймактарындагы энергетикалык объектилерине ракета менен сокку уруу үчүн чалгын маалымат менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алынганын 1-октябрда The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Басылма Ак үйдөгү өз булактарына таянып маалымдагандай, Кошмо Штаттардын чалгын кызматы президент Дональд Трамптын Украинага маалымат берүүгө уруксатын жакында алган, НАТО өлкөлөрүнө да ушундай эле сунуш берилген.
Reuters жазгандай, Вашингтон чалгын маалыматын Киев менен буга чейин да бөлүшүп келген, бул жолу сөз "Кремлди кирешеден жана мунайдан ажыратуу максатында мунайды кайра иштетүүчү заводдорго, куурларга, электр станцияларына жана башка инфраструктурасына сокку урууну жеңилдетүү" тууралуу болуп жатат.
26-сентябрда британиялык The Telegraph дипломатиялык булактарга таянып жазгандай, украин президенти Владимир Зеленский жакында АКШда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын алкагында Трамп менен жолугушканда андан алысты бутага алуучу Tomahawk канаттуу ракеталарын берүүнү суранган. Бул ракета 2500 км аралыкка чейин уча алат. (RK)
Шерине