Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Израилде 7-октябрдагы кол салуунун эки жылдыгын эскерип жатышат


Израилдин Нир-Оз кибуцундагы эскерүү иш-чарасы. 7-октябрь 2025-жыл
Израилдин Нир-Оз кибуцундагы эскерүү иш-чарасы. 7-октябрь 2025-жыл

Израилде 7-октябрь кол салуусунун эки жылдыгын эскерип жатышат.

Эртең менен Газа тилкеси менен чек арага жакын жердеги Реим кибуцунун жанында ал күнү Nova Music Festival музыкалык фестивалы уюштурулган жерде жүздөгөн киши чогулду. Иш-чара Батышта террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобунун негизги буталарынын бири болчу.

Согушкерлер ошол жакта 360тан көп кишини өлтүрүп, ондогонун барымтага алып кетишкен.

Эскерүү иш-чаралары Израилдин башка аймактарында, чет өлкөлөрдө да уюштурулду.

Эртең мененки саат 6:29да теракттын курмандыктарын бир мүнөт унчукпай эскеришти.

Туура эки жыл мурун Израилдин түштүк райондоруна Газа тараптан ракеталар атылып, миңдеген жоочу палестин анклавы менен Израилди бөлүп турган тосмолорду жырып өткөн жана айыл-кыштактарга кол салган.

Бардыгы болуп ал күнү 1200 киши каза тапкан, 251 чактысын барымтага алып кетишкен. Алардын 140ка жакыны бошотулган, ушу тапта согушкерледин колундагы кишилердин 20сы тирүү деп болжолдонууда.

Израил ХАМАСка каршы согуш ачып, тилкени аткылап, бомбалап келатат.

Радикал топ көзөмөлдөгөн анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси уруш 67 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйганын билдирди.

Эл аралык жана гуманитардык уюмдар таш талканы чыккан Газаны ачарчылык тооруганын, соккулардан качып бир нече жолудан жер которууга аргасыз болгон газалыктардын аянычтуу абалына көңүл буруу зарылдыгын айтып коңгуроо кагууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG