Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Грузияда бийликти кулатууга чакырык таштоо ишинин алкагында 23 киши кармалды


Тбилисидеги митинг. 4-октябрь, 2025-жыл.
Тбилисидеги митинг. 4-октябрь, 2025-жыл.

Грузияда бийликти кулатууга чакырык таштоо ишинин алкагында кармалгандардын саны 23 кишиге жетти. Бул тууралуу "Эхо Кавказа" сайты жазды.

Нааразылык акциялары жергиликтүү шайлоо өткөн 4-октябрда тутанган. Бир катар ири оппозициялык партиялар, анын ичинде "Бирдиктүү улуттук кыймыл" добуш берүүнү бойкоттогон. Башкалары Тбилисиде "бийликти тынч жол менен төңкөрүү" максатында митинг уюштуруларын билдирген.

Ал күнү кечинде акциянын катышуучулары президенттик сарайды басып алууга аракеттенген. Күч түзүмдөрү жаш агызчу газ жана суу атмаларды колдонушкан.

Грузиянын 5-президенти Саломе Зурабишвили президенттин кеңсесине чабуул аракетин "чагым" деп атады жана ал үчүн бийликти айыптады.

Демонстрациядан кийин полиция дароо беш кишини кармап кеткен. Алардын арасында "Бирдиктүү улуттук кыймылынын" мүчөсү, экс-башкы прокурор Муртаза Зоделава, куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын командачысынын мурдагы орун басары Лаша Беридзе жана башкалар бар болчу.

Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштыруу же бийликти төңкөрүүгө чакырык таштоо беренеси менен кылмыш иш козголду.

Башкаруудагы "Грузин кыялы" партиясынын төрагасы, премьер-министр Ираклий Кобахидзе "бийликти кулатуу" аракети ишке ашпай калганын айтып, ага тиешеси бар адамдар катуу жазаланарын эскертти.

Өткөн жылдын күз айларынан “Грузин кыялы” партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Тбилисиде дээрлик күн сайын нааразылык акциялары өтүп келет. Оппозициянын тарапташтары азыркы бийликти “легитимдүү эмес, авторитардык ыкмаларды колдонууда жана Орусия менен кызматташат” деп айыптайт. Ал эми Грузиянын бийлиги болсо бул нааразылыктарды Евробиримдик колдоодо деп сынга алып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG