Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Ак-Ордодогу өлүм: шектүүнүн кармалышы, күмөн санаган эл


Ички иштер министрлиги Ак-Ордо конушунда эки адамдын өлүмүнө шектүү кармалганын, буга байланыштуу алдын ала бардык далилдер чогултулганын маалымдады.

Буга "Коопсуз өлкө" долбоору тагыраагы, сырткы видео байкоо камералары көмөкчү болгонун билдирди. Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү катталган.

7-октябрда шектүү кармалганы айтылып, бирок расмий ырасталбаганы үчүн коомчулукта ар кандай түкшүмөлдөр айтылып, социалдык тармактардын колдонуучулары милициядан толук маалымат берүүнү талап кылышты.

8-октябрда түштөн кийин Ички иштер министрлиги расмий сайтына Ак-Ордо-3 конушундагы эки кишинин өлүмүнө шектүү кандай жагдайда кармалганы тууралуу маалымат жайгаштырды.

Милиция кылмышка шектүү, 19 жаштагы жаран коомдук жайларда орнотулган Ички иштер министрлигинин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган кишини жүзүнөн тааныган көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, Тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди.

ИИМдин басма сөз катчысы Султан Макеловдун билдиришинче, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козголгон.

"Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат. Далил заттардын баары алынууда. Үстүндөгү күрмөсүн каякка кийип барган, кайсы жерлерге барган деп адвокаттар менен биргеликте тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүүдөбүз. Далилзат катары канга боёлгон баш кийим алынган. Ошондой эле кошуналар менен да иш жүргүзүүдө. Окуя болгон үйгө бутун чечип, жылаңаяк кириптир, тамандын изи түшүп калыптыр. Ошондон улам бут кийиминин өлчөмү аныкталып, шектүүнүкүнө дал келип жатат. Ал кантип өлтүргөнүн, кантип чапканын, үйгө кантип киргенин, анан кайра каяктан чыгып кеткенин, андан кийин каякка барганына чейин айтып берүүдө. Ошол маалыматтардын негизинде маалымат берип жатабыз, бул алдын ала алынган далилдер. Тергөөнүн жүрүшүндө башка дагы жагдайлар далилденгенден кийин толук маалымат чыгарабыз".

Алдын ала маалыматта, соттук-медициналык эксперттер менен кароо учурунда 34 жаштагы эркек кишиге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси 37 жаштагы аялга 11 жолу бычак сайылганы маалым болгон. Шектүү окуя болгон жерден үйдүн терезеси аркылуу чыгып кеткен.

Күдүктөнүү эмнеге күчөдү?

Эки адамдын канына забын болду деген адамдын кармалганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга кечинде эле тараган. Бирок милиция расмий маалымат таратууга ашыккан жок.

Ошондуктан коомчулукта кылмышка шектүү катары кармалган 19 жаштагы адам менен ИИМ тараткан фотороботтогу адам эки башка болушу мүмкүн деген күмөн саноо пайда болду. Ички иштер министрлигинин дарегине сын дооматтар жаады.

Буга байланыштуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков маалымат таратты:

Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

"Соцсеттерде “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?” деген пикирлер жазылып жатат. Бүт жерде камералар бар. Мындан тышкары кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коеюн. Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү. Андыктан, кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, “окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар” деген талкууларга чекит коелу. Милиция өз ишин кылып жатат, ар бирибиз эле эксперт боло бербейли", - деп жазды ал Фейсбук баракчасына.

Орунбеков муну менен катар шектүүнүн атасы мурда эки жолу соттолгонун, “Дөө Чыңгыз” аттуу каймана атуу Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турганын, кримтөбөл каза болгондо аны акыркы сапарга узатууга катышканын кошумчалаган.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев ушундай кырдаалда министрлик коомчулукка жок дегенде шектүү кармалганы тууралуу учкай маалымат берип, күмөн саноого жол бербеши керек эле дейт. Ал муну менен катар оор кылмыштын бетин ачуу көп ресурсту жана эмгекти талап кыларын белгилеп, коомчулукту сабырдуу болууга үндөдү.

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

"Тергөөгө тоскоолдук жаратпашы үчүн, маалыматты тергөөчүлөр гана берет. Анткени кылмыштуулуктун бетин ачып жатканда кылмыштын артында бир канча киши турушу ыктымал. Ошондуктан тергөөнүн көп сырлары айтылбайт. Экинчиден, социалдык тармактарда жарандар өз оюн айтып жатканы менен, алар бул тармакта адис эмес. Бирок социалдык тармактарда эл күдүктөнө баштаганда эле милиция пресс-релиз чыгарып, шектүү кармалганын айтышы керек эле. Бу жерде окуяга, системага эч кандай тиешеси жок Президенттик администрациянын басма сөз катчысы маалымат таратып жатат. Эл дүрбөлөңгө түшкөн кезде маалыматты президенттин администрациясы эмес ИИМ бериши керек. Мурдагы тажрыйбага таянсак, ушундай окуялар болгондо ИИМ басма сөз жыйынын өткөрүп турчу, ошондой болсо маселе мынчалык талкууланбайт эле. Шектүүнүн "Коопсуз өлкө" менен кармалганы жакшы, бул камералардын ишинин жыйынтыгы да жакшы. Ошондуктан дүйнө дүзүндө бул камералар 30 жылдан кем эмес убакыттан бери иштейт. Бул алдыңкы технология", - деди Суваналиев.

Ак-Ордо-3 конушунда кылмыш болгон үйдөн каза тапкан кишинин жубайы балдары менен качып чыгууга үлгүргөн. Маркумдун атасы Идрис Бөрүбаев YouTube каналдарынын бирине курган маегинде буларды айткан.

“Эси чыгып калыптыр. Тигини көргөндө дароо качып чыгышкан экен. Уулума 22, кызыма 14төй бычак сайган окшойт, так айта албайм... ИИМ өкүлдөрүнө айтарым, кылдат текшерип, кылмышкерди жоопко тартуу керек. Таап, өмүр бою түрмөдө калтырыш керек”, - деген ал.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев журналисттерге маркум бизнес менен алектенгенин, машинесинен ири суммадагы акча табылганын билдирген. Айрым коңшулары дагы маркум чет мамлекетке барып-келип иштеп жүргөнүн, автоунаа сатуу менен алектенгенин айтышкан.

Оор кылмыштардын саны өстүбү?

Ак-Ордо-3 конушу Бишкектин түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Шаардын курамына былтыр административдик-аймактык реформадан кийин кошулган. Калктуу конуш 2010-жылдары ЖЭБ-2нин айланасында түптөлгөн.

Үй тургузулган көптөгөн участоктор 2022-жылы жарыяланып, 2025-жылдын июль айына чейин уланган жер мунапысынын аркасы менен мыйзамдаштырылган. Конуш негизинен жеке үйлөрдөн жана таштак жолдон турат, инфраструктура өнүккөн эмес, социалдык объекттер аз.

Ак-Ордо жаңы конушу. Сүрөт 2024-жылы февралда тартылган.
Ак-Ордо жаңы конушу. Сүрөт 2024-жылы февралда тартылган.

Район шаардагы кылмыштуулук жогору аймактарга кирбейт. Бирок 2017- жана 2022-жылы бул конушта кылмышка шектүүлөрдү өз алдынча жазалоо аракети байкалган. Биринчисинде тургундар бир кишини педофилияга айыптап, аны сабашкан. 2022-жылы уурулукка шектүү адамды да мамыга таңып, токмоктошкон. Эки шектүү тең милицияга өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында 2025-жылдын январь-август айында өлкөдө 23,1 миң кылмыш катталган, бул 2024-жылга караганда 10 пайызга төмөн.

Буга чейин ички иштер министри Улан Ниязбеков өлкөдө соңку төрт жыл ичинде кылмыштуулук жалпысынан 69% азайганын билдирген.

Анткен менен прокуратуранын маалыматы оор кылмыштардын саны өскөнүн көргөзүп турат. Быйыл сегиз айда 3 439 кылмыш катталган, бул 2024-жылдын ушул айына салыштырмалуу 9,9% көп. Өткөн жылдын январь жана август айларында 100 адам өлтүрүү кылмышы катталса, 2025-жылы 107ге жеткен.

Ак-Ордо-3 конушунда болгон окуянын алдында эле 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз курбусунун үйүнө барам деп чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Эки күндөн кийин сөөгү Боом капчыгайынан табылып, анын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы киши кармалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG