Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:36

Ак-Ордодогу эки кишини өлтүрүүгө шектүү кармалганы кабарланды


Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жаранды кармаганы кабарланууда. Анда шектүүнүн кармалгандан кийин тартылды делген сүрөтү социалдык тармактарда тарап жатат.

Мурдагы премьер-министр жана мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов 7-октябрдын кечинде ички иштер министри Улан Ниязбеков менен телефондон сүйлөшкөнүн, анда министр шектүү “коопсуздук камераларынын жардамы менен кармалганын” айтканын жазды.

Азырынча ИИМ бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү болгон. Милициянын маалыматында, Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 36 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн. Кылмыш болгон жерден дагы бир аял балдары менен качып чыгууга үлгүргөн.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев журналисттерге маркум бизнес менен алектенгенин, машинесинен ири суммадагы акча табылганын айткан.

Министрлик шектүүнүн баратканы ошол жердеги камералардын бирине түшүп калганын, издөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Шектүүнүн фотороботу жарыяланып, ал тууралуу маалымат айткандарга акчалай сыйлык убада кылышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG