Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Кремл Еврошаркеттин орусиялык дипломаттарды чектөө чарасына жооп кайтарат


Орусиянын Варшавадагы элчилиги. Архив
Орусиянын Варшавадагы элчилиги. Архив

Кремл Еврошаркет орусиялык дипломаттардын уюмдун ичинде эки жакка каттоо укугун чектесе, тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.

8-октябрда биримдиктин туруктуу өкүлдөрү Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетинин алкагында андай чараны жактырышы ыктымал.

Орусиялык дипломаттардын кыймыл-аракетин чектөө жаңы пакетте талаш жараткан жалгыз пункт эмес. Мүчө мамлекеттер бардык пункттар боюнча мунаса тапмайынча акыркы чечим кабыл алынбайт.

Долбоорго ылайык, Евробиримдиктин кайсы бир өлкөсүндө аккредитация болуп иштеген орусиялык дипломат шаркеттеги башка бир өлкөгө барууну кааласа, алдын ала кабардар кылышы керек. Муну менен бара турган мамлекеттин өкмөтүнө аларга кирүүгө тыюу салуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Буга чейинки отурумда, 3-октябрда мындай чечим колдоо тапкан эмес. Демилге көтөргөн Чехия орус дипломаттарына шаркеттин ичинде эки жакка каттоого толугу менен тыюу салууну сунуш кылган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “тилекке каршы, европалыктар элдерди бөлгөн дубал куруу чеберчилигин жандандырып жатат” деп билдирди.

Чектөөнү колдогондордун айтымында, шаркеттин өлкөлөрүндө дипломатиялык кызматына жамынган орусиялык агенттердин жетектөөсүндө ишке ашырылган деп шектелген диверсиялар көбөйдү. Көп учурда агенттер операцияларды аккредитация болгон өлкөдөн тышкары отуруп башкарышат. Орусия диверсияларга тиешеси жоктугун айтууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG