Силкинүүдөн бир нече социалдык объекттерге зыян келтирилгени белгилүү болду. Ушу тапта адистер аймактагы турак жайлардын абалын текшерүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соңку жылдары жер титирөөлөр көбүрөөк катталып жатканын билдирип, жарандарды "коопсуздук куржунун" камдап коюуга чакырды.
Кыргызстандын аймагында 6-октябрга караган түнү болгон 6 баллдык жер титирөөдөн жалпы төрт мектеп, бир бала бакча, эки фельдшердик-акушердик пункт жана бир нече турак жай жабыркады.
Зилзаланын очогу Жалал-Абад облусунда катталып, анын толкуну Талас облусуна чейин сезилди. Шекер, Жайылган жана Семетей айылындагы мектептердин дубалдарынан жарака кеткен.
Семетей айылындагы "Улукман" мектеп интернатынын жетекчиси билдиргендей, алардын мектебинин имараты 1972-жылы курулган. Жер титирөөдө мектепке улай кире бериш жабыркаган.
“Эртең менен жумушка келгенде балдардын жатаканасынын кире беришинде, шыбында бир аз жарака кеткен. ӨКМге дароо видео жөнөттүк. Органдардан комиссия келип, ордунан көрүп баа берип кетти. Мектептин дубалын шыбап, оңдоп койдук”, - деди “Улукман” мектеп-интернатынын директору Нурпери Суранбаева.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Таласта жер силкинүүнүн күчү 4-4-5 баллга жеткен. Ошол күнү эле комиссия тузүлүп, турак жайлардын абалын кыдырып текшере баштаган.
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Тамабаев үч социалдык мекемеде жарака кеткенин айтты:
“Комиссия ошол жерге барып, айыл өкмөттөрдө, айыл башчылар менен чогуу иш алып барышкан. Талас облусунда социалдык үч объект катталган. Турак үйлөрдөн жабыркагандар катталган эмес. Ар бир үйгө барып иш жүргүзүштү. Манас районунда эки орто мектептин дубалдарынан майда жарака кеткен. Бүгүн ал жерде окуу процесси уланып жатат”.
Жалал-Абаддын Чаткал районунда жер титирөөдөн эки фельдшердик-акушердик пункттарда жана бала бакчанын дубалында жарака кеткен.
“Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай, анан Курулуш айылдарында сезилген. Жарандык коргоо кызматы тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Каныш-Кыя айыл аймагында алты турак үй зыян тарткан. Анын бешөө камсыздандыруудан өткөн. Баса айта кетчү нерсе, булар жер титирөөгө чейинки жаракалар экен. Бүгүнкү күндө үйлөрдө жашоого болот, жашап жатышат. Район боюнча жер титирөөдөн төрт объект жабыркаган”, - деди ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айбек Аккулов.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды үйлөрүн камсыздандырууга чакырып келет.
Учурда Кыргызстанда өрт жана башка кырсыктардан 330 миң имарат камсыздандырылган. 2025-жылдын биринчи жарымында 200дөй кырсык катталып, алардан жабыркагандарга 30 миллион сом төлөнүп берилген.
Сейсмология институтунун маалыматында, өлкөдө жылына орто эсеп менен 9500 жер титирөө катталган, алардын 200-300ү сезилерлик болуп эсептелет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соңку жылдары жер титирөөлөр көбүрөөк катталып жаткандыктан жарандарды "коопсуздук куржунун" камдап коюуга чакырды. Куржунда документтердин көчүрмөсү, акча, тез жардам кутусу, суу, тамак-аш, гигиена каражаттары, кийим, жууркан, радио, батарейка, телефон, ышкырык жана фонарик болушу шарт.
Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов Өзгөчө кырдаалдар министрлигин калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырган.
"ӨКМ калк арасында тренинг жүргүзүп, айылдардагы ар бир үйгө кирип, жер силкинүүнү көтөрө албай турган үйлөрдү тизмектеп, бул жаатта иш алып барышы керек. Өзгөчө айыл жергесинде эски тамдар абдан эле көп. Ошол эле сейсмикалык кооптуу делген Алай районунда эптеп эле турган үйлөрдүн саны арбын, алар жер 6-7 баллдан жогору силкинсе көтөрө албай урап калышы ыктымал. Ошондой үйлөрдү каттоого алып, үй ээлерине эскертүү берип, үйдүн дубалдарын чыңдоо керектигин түшүндүрсө жакшы болмок", - деген Абдрахматов.
Соңку бир жыл ичинде Кыргызстандын аймагында бир нече жолу жер силкинди:
12-сентябрда Чүй облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөөнүн очогу Төмөнкү Серафимовка айылынан 60 чакырым чыгышта, Тоолуу Маевка айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк-чыгышта катталган.
Ага чейин 12-майда Нарын облусунда очогунда күчү 4 жана 5,5 балл болгон эки жер титирөө катталган. Анда Ак-Талаа районундагы 99 тамдын, үч мектептин, бир Маданият үйүнүн дубалдарынан жарака кеткен.
Март айында Талас облусунун аймагында күчү 5,3 жана 5,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгон. Анын эпкини Бишкек шаары менен Чүй облусунда сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-мартта болгон жер титирөөдө жалпы 48 үй жабыркаганы аныкталып, акт түзүлгөнүн билдирди. Кырдаалдан улам айгай жарыяланып, ӨКМдин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда чукул жыйын өткөн. Андан эки күн өткөндөн кийин, 31-мартта Кыргызстандын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылында 3,5 балл, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин жер титирөө катталган. Анын очогу Кыргыз Ала-Тоо тоо кыркаларында, Карагай-Булак айылынан 15 чакырым, Бишкектен 52 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Шерине