Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:09

"Байыркы шаардын жүзү сакталса". Ошко 3025 жыл


Ош.
Ош.

Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири, Кыргызстандагы экинчи ири калаа Ош өзүнүн 3025 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул күндүн урматына Ош шаарынын борбордук аянтында 95 метрлик флагшток орнотулуп, туу көтөрүлдү.

Ош шаарынын күнү борбордук аянттагы бийиктиги 95 метрге туу көтөрүү салтанаты менен башталды. Президент Жапаров тургундарды шаар күнү менен куттуктап, Ошту өнүктүрүү аракеттери улана берерин айтты.

“Биздин максатыбыз – көп этностуу шаар калкын, келечегибиз болгон Ош шаарынын жаштарын ар тараптан колдоо. Биз камкордугубузду мындан ары да улантабыз. Ордолуу Ош шаарынан эл аралык айдыңда кыргыз туусун желбиреткен уул-кыздарыбыз көп чыксын”.

Ош шаары.
Ош шаары.

Быйыл Ош шаарына 3 млрд сом акча каражаты бөлүнүп, жолдор салынып, эс алуу жайлары, социалдык объекттер курулган. Айрымдары шаар күнүнө карата пайдаланууга берилди. Шаар тургундары жана коноктору өлкөнүн экинчи ири калаасына кандай баасын берет? Айрымдарынын пикирин сурадык.

"Келечекте шаардын мындан да жакшы болушун каалайм. Учурда салынып жаткан жол, курулуштардын баары бүтөт. Буга чейин мындай курулуш иштери эмнегедир болбой келген да".

"Азыр шаардагы жолдор кеңейип калды. Бул убакка чейин бир тилкелүү жолдор эки тилке болуп кеңейди. Шаардагы каналдардын жээги тазаланганы жакшы болду".

"Беш жыл мурункуга салыштырсак, өзгөрүү чоң. Шаарда 20га жакын жолдордун оңдолгонун көрүп жатабыз".

"Шаар аябагандай өзгөрүптүр. Мен эки ай мурун келгенимде бардык жерлер бузулуп, курулуш жүрүп жатты эле. Баары жакшы, сонун болуп калыптыр".

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов шаарда азыркы тапта аткарылып жаткан иштер мамлекет жетекчилеринин көңүл буруусунун арты менен болуп жатканын айтууда.

Болот Баетов.
Болот Баетов.

"Бул убакытка чейин шаарга мындай көңүл бөлүү болгон эмес. 3 млрд сомго жакын каражат атайын Ош шаары үчүн бөлүндү. Учурда шаарда жолдор кеңейтилип жатат. Шаарга мамлекет өзгөчө көңүл бөлгөнүн баарыбыз көрүп турабыз. Мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулгандыктын белгиси десек болот”.

Ош шаарына быйыл жыл башында Жеңишбек Токторбаев мэр болуп келгени мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөгөн.

Кыргызстандын калкы калаа башчынын таң атпай шаарды түрө кыдырган рейддерин интернеттен көрүп жатышты. Анын мындай иш ыкмасын өлкөнүн башка аймактарындагы жергиликтүү жетекчилер туурап, кайталай баштаганы байкалат.


Мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш менчик укугуна байланыштуу маселени козгоп, аны сын пикирлер коштоду.

Бирок узак жылдардан бери башаламан курулуштардын кучагында калган шаарды ырааттоо аракети элдин да, бийликтин да колдоосуна ээ болду.

“Мен шаардын активдүү жараны катары айтат элем. Ош шаарында түндүктөн түштүккө, батыштан чыгышка карай төрт эле көчө бар эле. Майрам күндөрү же эл жумуштан кайтканда тыгындан адам кыйналчу. Экинчи баскычта турган кичинекей көчөлөр чоң көчөлөргө айланып, эми талаптагыдай шаар болуп жатат десем болот”, - деди Ош шаарынын тургуну Чыңгыз Жолонов.

Ош мэринин таңкы рейддеринин арты менен мурда ар кандай курулуштардын алдында калган суу каналдары тазаланып, жолдорду талапка ылайык кеңейтүү үчүн ондогон үйлөр сүрдүрүлдү.

Тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев шаарда курулуш күчөп турган маалда Оштун байыркы, тарыхый шаар экенин унутпай, археологиялык эстеликтерди сактап, аны таанытууга көңүл бурушубуз керек дейт:

Жолдошбек Бөтөнөев.
Жолдошбек Бөтөнөев.

“Мисалы, Өзбекстанда эски Анжиян, жаңы Анжиян деп коюшат. Эски Анжиянда эски курулуштар ошол бойдон сакталып калган. Жаңы Анжиянда заманбап курулуштар курулган. Биз дүйнөнү көп кабаттуу үйлөр менен таң калтыра албайбыз. Бизге туристтер байыркы шаарды көрүү үчүн келет. Кандай иш болбосун, бул шаарда курулуш түшүрдүн алдында атайын археологиялык изилдөөлөр жүрүп, анан курулуш курулса болмок. Азыр ушундай аракеттер шаар бийлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат деп ойлойм”.

Ош шаарындагы салтанатка катышуу үчүн келген президент Садыр Жапаров шаар тургундарына жолугуп, алдыда Кыргызстанды чоң саясий өнөктүк - парламенттик шайлоо күтүп турганын эске салып, ага жоопкерчиликтүү мамиле кылып, коррупцияга каршы чогуу күрөшүүгө чакырды.

Садыр Жапаров. Ош шаары.
Садыр Жапаров. Ош шаары.

"Шайлоого активдүү катышкыла. Мурда жүздөн ашуун бюллетендерди чыгарып алып барып, “бузулуп калса” деген ар кандай жолдор менен бир кандидатты өткөрүп жиберишчү. Ошондой болчу. Азыр андай нерсе жок, ал заман өттү. Азыр бир гана нерсе калды, шайлоону оңдоп-түздөө өзүңөрдөн көз каранды. Добушуңарды сатпагыла! Андайларды кармагыла".

Фергана өрөөнүндогү сооданын жана маданияттын борбору катары кылымдарды карыткан Ош шаарында ушу тапта жарым миллионго жакын калк жашайт. Бейрасмий маалыматтарда калктын саны миллионго чукул экени айтылып жүрөт. Шаардагы ыйык Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген. 2000-жылы Ош шаары өзүнүн 3 миң жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG