Ошту 2009-2013-жылдары башкарган Мелис Мырзакматов ээлик кылган жер тилкелери боюнча комментарий бере элек. Бирок анын тарапташтары мурдагы мэрдин жер тилкелери мыйзамдуу экенин билдирүүдө.
Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун калаада гектарлаган жерлерге ээлик кыларын 10-сентябрда айтып чыкты.
Ал журналистердин суроосуна жооп берип жатып, жерлерди кайтаруу боюнча буга чейин Мырзакматов менен сүйлөшүү болгонун билдирди. Анын негизинде экс-мэр Оштогу 36 гектар жерди өз каалоосу менен шаардын балансына өткөрүп берүүгө макул болгон. Бирок мэрия бул жараяндын мыйзамдуулугуна байланыштуу Мырзакматовго таандык жерлерди сот аркылуу алууну чечкен:
"Ал жерлерди мамлекетке, мэрияга өткөрсө эмнеси жаман? Элге иштейт. Эмне үчүн бир киши 43 гектар жерди басып жатышы керек? Мырзакматовдун 36 гектар жери боюнча ал менен сүйлөшүүлөргө барганбыз, ал жердин жарымын бизге өткөрүп бермей болгон. Алтургай өткөрүп да берген болчу. Биз мамлекеттик актыны да алганбыз. Бирок прокуратура келип, "силер туура эмес жасап койдуңар, мамлекеттик актыны туура эмес алдыңар, бул чынында мэриянын эле жери" деп айтып, апелляция жазган. Сот биз алган актыны жокко чыгарды. Ошол 36 гектар жер, жайыт жер биздики болуп чыгып жатат. Биз кайра соттошуп жатабыз. Анын кайненесинин 5 гектар 30 сотых жери боюнча да соттошуп жатабыз. Ак-Бууранын жээгиндеги үч гектар жери боюнча да соттошуп жатабыз".
Жеңишбек Токторбаев экс-мэр Мырзакматов кандай жагдайда гектарлаган жерлерге ээ болгонун жана алар Ош шаарынын кайсы бөлүгүндө жайгашканын тактаган жок. Ошондой эле бул жерлерди шаарды башкарып турганда алганбы же ишкерлик менен алектенген учурда кестирип алганбы деген суроолорго да жооп болгон жок.
Мырзакматовдун Ош шаарындагы жер тилкелери боюнча буга чейин маалымат каражаттары жазып келген.
Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жер тилкеси, ошол тилкенин ичинде калган суу кудуктары жөнүндө бул убакка чейин “Азаттык” атайын берүү даярдаган эле. Ошол кезде Мырзакматовдун иниси Нурлан Мурзахмедов дарыянын жээгиндеги жерге агасынын тиешеси жок экенинин айткан:
“Бул жерге Мырзакматовдун тиешеси жок. Бул убакка чейинки алуу-сатуу келишимдеринде Мырзаматов деген кишинин аты-жөнү бар эле, ошол болушу мүмкүн”.
Токторбаевден мурун шаарды башкарып турган Бакытбек Жетигенов да Мырзакматовдон Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жер тилкелерин кайтарып алганын билдирген жайы бар. Мурунку мэр айткан жердин ичинде суу кудуктары жана суу кампасы жайгашкан. Ош мэриясы Мырзакматов суу кудуктарын кайра калыбына келтиргенин, бирок суу кампалары бузулуп кеткенин кабарлаган.
“Суу кудуктары мэриянын карамагына өттү. Ал өзү өткөрүп берди. Ал эми 49 жылга деген келишим мурун түзүлүп калган экен. Мэрия сотко берди. Быйыл өзү өткөрүп берди”, - деп пикирин билдирген шаардын мурунку башчысы Бакытбек Жетигенов.
Мелис Мырзакматов өзү ээлик кылган деген жер тилкелери боюнча комментарий бере элек. Анын жакындары Мырзакматовдун чет өлкөдө экенин айтып, кийинчерээк маалымат бере турганын билдирди.
Экс-мэрдин тарапташтарынын бири Абдыжапар Аккулов союз тарагандан кийинки менчиктештирүү мыйзамдарындагы алешемдиктер бир адамдын гектарлап жер алуусуна шарт түзгөнүн белгиледи. Ал Мырзакматов аткаруу бийлигине келгенге чейин эле ишкер болгонун эске алууга чакырууда:
“Мырзакматовду мурунку шаардын мэри, саясий ишмер катары эмес, ишкер катары деле көп киши билет. Кызматка келгенге чейин ишкер болуп жүрүп, чоң мүлккө ээ болобу — жеке маселе. Муну саясатташтырып, элге жаман көргөзөм деген атайын далалат болбосо дагы, эл түшүнүк менен жашап, түшүнүк менен баа берип калдык. Эгерде мэр болуп туруп ошончо жерди ээлеп же басып алган болсо, ага деле мыйзам бар да. Мен бир эле нерсени айтам: сот же башка укук коргоо органдары чечим чыгара электе ар кандай пикир айтуу эртелик кылат. Кээде “өз каалосу менен берди, кайтарды” дегендерди угуп жатабыз. Демек, кандайдыр бир басымдын алдында өткөрүп бергенин баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Кайтарылганы туура, бирок баары мыйзамдын негизинде болсо туура болмок”.
Юрист Асылбек Конгуров коомчулукка анын гектарлаган жерге кандай жол менен ээ болгону ачыкталышы керек деген пикирин бөлүштү:
“Бул жерлер боюнча мэрия коомчулукка маалымат бергенде, мэрия бул жерлер кандай жагдайда алынганын, сотто каралып жатса кайсыл сотто каралып жатканын, тергөөдө болсо кайсы орган тейлеп жатканын, ушундай маалыматтарды берсе жакшы болмок. Кандай гана болбосун, жеке менчиктеги жер мамлекеттин карамагына өтүп жатканда, ошол мэриянын жер тилкелерине болгон менчик укугу мамлекеттик каттоодон өтүш керек”.
- Мырзакматов Ош шаарын 2009-жылдан 2013-жылга чейин башкарган. Экс-мэрге 2014-жылы кылмыш иши козголуп, Кыргызстандан чыгып кеткендиктен, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон.
- Кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалаган Мырзакматов 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келген. Ага тагылган айыптарды Жогорку сот жокко чыгарып, аны актаган өкүмдү күчүндө калтырган.
Шерине