Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:59

Президент Жапаров алгачкы жолу Мисирге расмий сапар менен барат


Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик учагынан түшүп баратат. Архивдик сүрөт
Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик учагынан түшүп баратат. Архивдик сүрөт

Президент Садыр Жапаров Мисир Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча 4–5-ноябрда кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Каирге расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Анын айтымында, бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат.

“Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда күн тартибиндеги эки тараптуу актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болот. Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир алкаларынын мындан аркы өнүгүшүнө негиз түзөт”, - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Кыргызстан 1991-жылы эгемендик алгандан бир жылдан кийин 1992-жылы Мисир Араб Республикасы менен дипломатиялык алака түзгөн.

Кыргызстандыктар арасында Мисирде диний багытта билим алгандар көп. Мындан сырткары бул өлкө менен соода-сатык жагында иштеген кыргыз жарандары да бар.

Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылы 5,1 млн долларды түзгөн. Мунун 3 млн долларлык товарын Каир экспорттосо, 1,6 млн долларлык товарын Бишкек жөнөткөн. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG