Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Ош: Мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев эмнеге камалды?


Айтмамат Кадырбаев
Айтмамат Кадырбаев

Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевдин кармалганы тууралуу өткөн аптада айтылганы менен Ички иштер министрлиги маалымат бере элек. Анын кармалып, камалганын Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 2-сентябрда ырастады.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кадырбаевдин бөгөт чарасы 26-августта сотто каралып, 4-октябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыккан.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 26-августундагы токтому менен ИИМдин Тергөө кызматынын тергөө тобунун жетекчисинин айыпталуучу К.А.Тнын бөгөт чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган",- деп маалымат берди райондук соттун басма сөз катчысы.

Соттун билдирүүсүндө, Кадырбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.

Азырынча ИИМ анын иши тууралуу комментарий бере элек.

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарын 2014-2018-жылдары башкарган. Ага чейин облустук бийликте, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясында иштеген. Ал мэр болуп турган кезинде Алишер Навои көчөсүндөгү көпүрө, Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү жайкы сахна курулган.

Ош шаарынын мурунку архитектору Нурбек Баетов Кадырбаевдин тушунда жасалган иштердин айрымдарына токтолду:

Нурбек Баетов Ош шаарынын мурунку архитектору
Нурбек Баетов Ош шаарынын мурунку архитектору

"Ошол учурда жасалган иштеринин бирин айтсам, жайкы сахна бул курулуштун нормативдеринде жок. Мындай иш курулуштардын эрежесинде каралган эмес. Мисал катары айтсак, өткөн жылы Ак-Буура дарыясы бир көпүрөнүн кесепетинен ташып, канчалаган зыян тартканбыз. Эми бул элге канчалык кызмат кылып жатат, эмне иш-чаралар өткөрүлүп жатканы белгисиз".

Оштун экс-мэри 4-октябрга чейин камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00



Кадырбаев Ош шаарынын мэри кызматынын кийин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо №10 Куршаб бир мандаттуу округунан талапкер болуп, үчүнчү орунду алган.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев Кадырбаевдин кармалышын анын ошол учурдагы орун басары Жапарбек Ормоновдун кармалганы менен байланыштырды:

“Менин болжолум боюнча шаардын мурунку вице-мэри Жапарбек Ормонов кармалгандан кийин көп өтпөй Кадырбаев да кармалды. Мен жоромолумда экөө бир ишке айыпталып кармалды. Мен депутат катары да кызыгып көрдүм, буга чейинкилердин көпчүлүгү жерге байланыштуу кармалып жатышат. Айтмамат Кадырбаев деле жер маселесине байланыштуу кармалды го деп ойлоп турам”.

Буга чейин Кадырбаевдин тушунда анын орун басары болуп иштеген Жапарбек Ормонов да кармалып, 15-августта камалганы маалым болгон.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 40-беренеси (“Кылмышты аткаруучу”) жана 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча айып тагылган. Бул берене менен айыптуу деп табылгандарга он эки жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.


Ал Ош шаарында вице-мэр болуп турган учурда жерге байланыштуу камалган деген пикирлер айтылган, бирок ИИМ козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берген эмес. 2-сентябрда гана Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Ормонов 29-августта ИИМдин Тергөө кызматынын өтүнүчүнүн негизинде үй камагына чыкканын "Азаттыкка" ырастады.

Жапарбек Ормонов 2014-2016-жылдары Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп турган кезде анын орун басары болуп иштеген.

Ушуну менен быйыл Ош шаарынын мурдагы экинчи мэрин карата кылмыш иши ачылды. Буга чейин Ош шаарын 2005-2009-жылдары башкарган Жумадыл Исаков коррупцияга жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалган.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев шаарды буга чейин башкарган мэрлер жана кызмат адамдарын текшерүү керектигин айтып жатат.

“Эгерде Кадырбаев жер сатканга айыпталып кармалган болсо анда мурунку мэрлер, вице-мэрлер, керек болсо жер адистерине чейин текшерилиши керек. Ош шаарында мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди мамлекетке кайтара турган күн деп ойлоп турам. Ким болбосун мамлекеттин жерин сатса жооп бериши керек. Бирок бул иш тандалма болбошу керек”.

Ички иштер министрлиги быйыл май айында 2005-2009-жылдары Ошто мэр болуп иштеген Жумадыл Исаков коррупцияга жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалганын маалымдап, ал мамлекетке келтирилген 72 млн сом зыяндын ордун толтурганын жарыялаган.

ИИМден Кадырбаевдин да, Ормоновдун иштери боюнча маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Айтмамат Кадырбаевдин жакындары жана адвокаттары да азырынча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG