Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:58

Бишкек шаарына жылуулук берүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-ноябрда Бишкек шаарына жылуулук берүү башталды. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканалары кабарлады.

Аталган ишканалар акырындык менен бардык үйлөр жылытуу системасына кошула турганын, үйлөрдүн баарын бир эле учурда кошуу мүмкүн эмес экенин билдирет. Маалыматта жылуулук берүү режими 3 күндүн ичинде толук бүтөрү айтылат.

Жылуулук биринчи социалдык объектилер: мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдарына, андан соң көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке секторго берилет.

Муниципалдык ишканалар эгерде кайсы бир үйдө же батирдеги жылытуу системасында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатса, суу каптоону болтурбоо үчүн төмөнкү көрсөтүлгөн телефон номерлер аркылуу билдирүүнү суранат. Байланыш номерлери: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166.

Министрлер кабинети 2024-жылы Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG