Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:57

"Баары жер менен жексен болду, элге жардам керек". Ооганстанда зилзаладан 800дөй киши каза тапты


Ооганстандын Пакистан менен чектеш аймагында болгон жер титирөөнүн курмандыктары көбөйүп жатат.

Өлкөнү башкарган "Талибан" өкмөтү акыркы маалыматтарда курмандыктар кеминде 800 киши экенин, 2500ү жараат алганын билдирди.

АКШнын Геология кызматынын (USGA) маалыматына караганда, 6,0 баллдык силкинүүнүн очогу Нангархар провинциясында Желал-Абад шаарынын түндүк-чыгышты көздөй 27 чакырым алыстыкта орун алган.

Нангархар провинциясынын жашоочусу "Азади" радиосуна: "Элдин турак жайлары талкаланды", - деп айтып берди.

«Баары жер менен жексен болду. Элге тез арада дары-дармек, тамак-аш, зарыл каражаттарды жеткириш керек», — деди ал.

"Талибандын" өкүлү Забиулла Мужахид куткаруу иштери уланып жатканын айтып, курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертти.

Кабулдагы маалымат жыйында сүйлөп жатып Мужахид Кунар провинциясында зилзала 800дөй кишинин, Нангархар провинциясында 12 кишинин өмүрүн алганын айтты.

«Жергиликтүү бийлик жана эл жапа чеккендерге жардам берүү, куткаруу үчүн бардык аракетин көрүп жатат. Борбордон жана коңшу провинциялардан чыккан топ жолдо баратат», — деди Мужахид.

Биринчи силкинүүдөн 20 мүнөттөй өткөндө аймакта 4,5, андан кийин 5,2 магнитудалык афтершок кайталанганын Германиянын геологиялык илимий иликтөө борбору (GFZ) маалымдады.

Зилзала болгон жерден 300 чакырым аралыкта орун алган Пакистандын башкалаасы Исламабаддын жашоочулары жердин силкинүүсү катуу сезилгенин айтып беришти.

100 чакырым алыстыкта жайгашкан ордо калаа Кабулдун тургундарына да силкинүү күчү сезилген, шаарда жабыркагандар бар.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, башка мамлекеттер жаратылыш кырсыгына байланыштуу ооган элине көнүл айтып, колдоо көрсөтүүдө.

Өткөн апталарда Нангархар провинциясында күтүүсүз нөшөрлөп жааган жаандан кийин катуу суу ташкыны болгон, анда кеминде беш киши каза таап, эгин аянттарын, мал-мүлктөрдү сел алып кеткен.

Ооганстанда, бөтөнчө Гиндукуш тоо кыркасында жер титирөө көп болот.

Бул өлкөдө курулуш сапатынын начардыгы, райондордун ыраактыгы курмандыктардын көбөйүшүн шарттап, жабыркагандарга жардам жеткирүү ишин татаалдаштырууда.

XS
SM
MD
LG