Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Жогорку Кеңеш: Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөбү?


Кыргыз парламенти жайкы эс алуудан кайтып келип, кезектеги сессиясын ачты. Бул жолу депутаттар Ак үй деп аталган парламент имаратынын толук оңдоодон өткөрүлгөн жыйындар залында ишин баштады. Бул 7-чакырылыштагы парламенттин акыркы сессиялык жылы болуп калышы мүмкүн.

Саясий чөйрөдө Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өтүшү мүмкүн экени тууралуу сөздөр күчөдү. Муну айрым депутаттар ырастап, шайлоо өнөктүгүнө даярдык тымызын башталып жатканы айтылууда.

Эки айлык каникулдан соң ишин баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынды жаңыдан оңдолгон залда өткөрүштү. 2020-жылы Октябрь окуяларынан соң парламенттин гана имаратына айланган Ак үйдүн жыйындар залы Түштүк Кореянын жардамы менен толугу менен оңдоодон өткөрүлдү.

Ага чейин бул имаратта президент да иш алпарса, Садыр Жапаров алгач эски өкмөт үйүнө, кийин “Ынтымак Ордо” деп аталган президенттин имаратын куруп көчүп кеткен.

Май айында башталган жаңылоонун алкагында жыйындар залы ак түскө боюлуп, жаңыланды, андагы техника алмаштырылды.

Парламенттин негизги залы жаңыланганы менен бир топ депутаттардын маанайы анча жакшы эмес экенине сессияны чагылдырганы барган журналисттер көңүл бурушту.

Парламенттин жыйындар залы оңдолгондон кийин
Парламенттин жыйындар залы оңдолгондон кийин

Буга соңку учурда саясий чөйрөдө 7-чакырылыштагы парламент таркап, мөөнөтүнөн мурун шайлоо болору тууралуу сөздөр себеп болгондой.

Бул тууралуу алгач оппозициячыл саналган “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына жазып чыккан эле. Ал учурда саясий чөйрөдөгү бир канча адам муну ырастап, бийлик башында талкууланып жатканын айтышкан.

1-сентябрдагы сессия ачылган соң “Азаттыктын” кабарчысы менен сүйлөшкөн бир нече депутат чынында эле парламенттин өз эрки менен тарап, эртелей шайлоо өткөрүү тууралуу талкуулар башталганын жашырышкан жок.

Маселен, “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев мындай сөздөрдүн негизи бар экенин, бул демилгени колдой турганын да “Азаттыкка” билдирди:

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

“Азыркы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркашын мен колдойм. Буга эки себеп бар. Биринчиден, 2026-жылдын аягында парламенттин шайлоосу өтүш керек. Бул шайлоо аяктап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) андагы бюллетендерди кол менен санап бүткөнгө чейин эле 2025-жылдын 24-январында президенттин шайлоосу келип калат. Үгүт иштери башталат. Менимче, БШК техникалык жактан да, уюштуруу иштеринен да үлгүрбөйт. Бул шайлоолорду БШК эч кынтыксыз өткөрүш керек. Бул үчүн парламенттин шайлоосунун бир жыл мурун өткөнү туура болот деп эсептейм. Экинчиден, азыркы депутаттар парламент шайлоосу тууралуу жаңы мыйзам кабыл алды. Мындан ары партия деген болбойт, көп мандаттуу округдардан үчтөн депутат шайланып келет. Азыркы депутаттар жаңы системага өтүүнү колдогон соң жаңы шайлоо өтүшү керек”.

Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркайбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Дастан Жумабеков болсо азыркы чакырылыштагы парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө эч кандай негиз жок болчу деген пикирде.

Дастанбек Жумабеков
Дастанбек Жумабеков

“Бүгүн туруктуу, өнүгүү болуп жатат. Анда парламент жакшы иштеп, аткаруу бийлигинин чечимдерин колдоп берип жатат. Анан эртелей таркап кетүүгө негиз жок деп эсептейм”.

Дал ушул өкмөттүн чечимдерин толугу менен колдоп берип жатканын мурдагы спикер артыкчылык катары сыпаттаганы менен азыркы чакырылыштагы депутаттардын дарегине айтылган сындардын да бир себеби болуп калды. Анткени, учурдагы парламентти "президенттин администрациянын бир бөлүмү болуп калды, өз алдынча чечим кабыл алууга жараксыз деп коомчулуктун бир бөлүгү" сындап келет.

Анын үстүнө 7-чакырылыштагы парламенттин дарегине сөз тийгизген соңку окуя депутаттар каникулда кезде болду. Тагыраагы, август айында Жогорку Кеңеш көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин жойгон мыйзам долбоорун колдогону белгилүү болду. Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү менен кош никеге тургандарга жазаны жойгон долбоорго президент Садыр Жапаров кол койбой, артка кайтарганда гана ачыкка чыкты.

Талаштуу документ кантип өтүп кеткени коомчулуктун бүйүрүн кызытып, депутаттар кабыл алган мыйзамдардын сапаты жөнүндө маселени козгогон.

Парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярданып жатканын Исхак Масалиев да дагы бир ирет кайталады. Ал мындай демилге бийлик тараптан чыгып, аны депутаттар колдогонго аргасыз болуп жатканын билдирди:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Илгери орустарда “Дарыгер бейтапты өлүкканага алып бар десе, демек өлүкканага алып барыш керек”-деген сөзү бар болчу. Ошол сыяктуу (бийлик) кет десе кетет да. Албетте, депутаттар өз ыктыяры менен кеткиси келбейт, бирок өз ыктыяры менен кетиргенге бирөөлөр кеңеш берип жатат”.

Азырынча президент баш болгон бийлик өкүлдөрү Жогорку Кеңешке шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүшү боюнча сөздөргө комментарий бере элек. 19-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо боюнча жаңы мыйзам жөнүндө айтып жатып, мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбой турганын белгилеген.

Нурланбек Шакиев
Нурланбек Шакиев

“Алардын баары куру сөз. Кезексиз же мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болбойт. Президенттик да, парламенттик да шайлоолор кийинки жылы өз убагында өтөт. Андыктан, азыркы VII чакырылыштагы парламент ишибизди жигердүү улантып, элибиз үчүн кызмат кыла беребиз”, - деген спикер.

Талдоочулар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү бийликтин тобокелчиликтерди алдын-алуу аракети менен да байланыштырышат. Эгемендик жылдары үч жолу элдик толкундоонун аркасында бийлик алмашкан Кыргызстанда мындай окуялар дал ушул шайлоодогу нааразылыктардан соң башталган. Мындай учурда саясий чөйрөнүн жана жарандардын саясий активдүүлүгү жогорулап, аны башкаруу кыйынга турат.

Дал ушул себептен бийлик шайлоону эртелей өткөрүүгө кызыкдар болуп жатканын журналист Адил Турдукулов “Азаттыкка” айтып берди:

“Түз жана кыйыр түрдө дагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүн экенин көп булактар далилдеп жатат. Бул чын болушу мүмкүн. Анткени, эки шайлоону өткөрүү мамлекеттик аппаратка кыйын болот. Экинчиден, ар кандай күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши мүмкүн. Буга үч революция күбө. Ошондуктан тобокелдиктерди азайтуу үчүн ушундай кадамга барат. Ошондой эле башка саясатчыларды шайлоого даярдыгын азайтып, бийликчил талапкерлердин мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болушу да мүмкүн”.

Анткен менен Жогорку Кеңеште мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу сөздөр кызып, депутаттар кайсы округдан шайлоого аттаныш керек деп талкуулап жатканы белгилүү болду. Себеби, бул жолку шайлоодо партиялык тизме аркылуу шайлануу мүмкүнчүлүгү толугу менен жоюлуп, округдар аркылуу гана ат салыша алат.

Мындай мыйзамды быйыл апрелде парламент кабыл алып, президент ага кол койгон. Ага ылайык, өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар округдан үчтөн депутат шайланышы керек. Алардын бири аял болушу кажет.

Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра добуш берүү болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орунда келген талапкер келет. Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максаты катары түшүндүрүлдү.

Азыр иштеп жаткан парламенттин чакырылышы 2021-жылы күзүндө шайланган. Анын курамын "Ата Журт-Кыргызстан", Ишеним", "Ынтымак", Альянс", "Бүтүн Кыргызстан", "Ыйман нуру" партияларын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт.

Жогорку Кеңештин регламентинин 140-беренесине (“Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуусу”) ылайык, депутаттар өзүн-өзү таркатуу жөнүндө негизделген сунушту депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен киргизүүгө укуктуу.

Чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечим кабыл алынгандан кийин беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындап, 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш. Кыргызстанда үч жолу парламент өзүн-өзү таркаткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG