Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Камчыбек Ташиев кышында жарык өчүрүлбөшү керектигин айтты


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыш мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 23-октябрда иш сапары учурунда Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын ачылышында энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысмановго айтты.

“Мамлекетибизде электр тармагы боюнча президентибиз койгон негизги тапшырмаларды аткара баштадыңар деп ойлойбуз. Кыш келатат. Андан тышкары суубуз быйыл аз. Бирок ошого карабастан мамлекетте свет өчпөшү керек. Элдин жашоосуна оорчулук келтирилбеши керек. Мунун баары биздин энергетиктерге тапшырма”, - деди Ташиев.

Буга чейин Бишкекте жана аймактарда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын тургундар айтып чыгышкан. Энергетика министри Таалайбек Ибраев маектеринин биринде калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган.

Энергетика министрлиги быйыл Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан сатып аларын, бирок анын баасы ачык айтылбай турганын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын кышындагы электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашып, өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд кВт/сааттан ашып түшөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG