Бишкектин шаардык сотунда 23-октябрда Кой-Таш иши боюнча отурум уланып, сот биринчи инстанциянын чечимин дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Болгону айыпталуучулардын бири Ирина Карамушкинанын буга чейин жергиликтүү шайлоодогу добуш сатып алууга байланыштуу берилген жаза мөөнөтү кошулуп, ага жалпы сегиз жыл берилди. Үч жылдык пробациялык мөөнөтү жокко чыгарылып, мүлкүн конфискациялоо жазасы кошулду.
Ушул эле сотто 15-октябрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер боюнча чечим чыгып, аларды добуш сатып алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация берилген чечим күчүндө калган эле.
"Кой-Таш иши" боюнча соңку отурумда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов акыркы сөзүн сүйлөп, бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн дарегине нааразылыгын билдирди.
“Азыр айыпталып жаткандар, анын ичинде мен да бармын, биз эч кимди кармап алган эмеспиз, барымтага алган эмеспиз. Биз атайын даярдыктагы аскерлерди куткарып калганбыз”, - деди Ниязов.
Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун Кой-Ташка жөнөтүлгөнү “аскердик кылмыш болгонун, буга да кийин акыйкат чечим чыгарын” айтты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.
Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү.
2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. (NA/TAb)
Шерине