Ал катуу жер титирөө болсо курулма урап, башка станцияларга да коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти.
Энергетика министрлиги Улуттук илимдер академиясынын президентинин сөзүн төгүндөп, сейсмикалык изилдөөлөрдү эл аралык компаниялар жүргүзгөнүн маалымдады. Кыргызстандын улуттук ири долбоору Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу эгемендик алган жылдары жылбай, азыркы бийликтин тушунда жанданган.
Башкы сейсмологдун эскертүүсү
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна байланыштуу бүйүр кызыткан маалымат Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 9-сентябрдагы жыйынында ачыкка чыкты.
Кыргызстандын 2035-жылга чейинки Улуттук энергетикалык программасынын аткарылышын жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик мекеме өкүлдөрү баяндама жасап жаткан маалда комитеттин төрагасы, депутат Азизбек Турсунбаев аталган гидролектрстанциянын сейсмикалык коопсуздугу жөнүндө суроо койду.
Улуттук илимдер академиясынын президенти, ушул академиянын курамындагы Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов бул боюнча маселени ушуга чейин айтпай келгенин белгилеп, эми сөз кылбаса болбой турганын билдирди. Ал академия Энергетика министрлигине Камбар-Ата-1 ГЭСи курулчу жерди изилдөө боюнча сунуштарды бергенин, бирок алар таптакыр эске алынбай калганын кеп кылды:
“Мындай чоң долбоорлордо алдын ала сейсмикалык микрорайондоштуруу изилдөөлөрдү өткөрүш керек болчу. Тилекке каршы андай изилдөөлөр өткөрүлгөн жок. Бул өтө жаман көрүнүш. Анткени, бул абдан чоң ГЭС болот жана ал кийин жер титирөөдө талкаланып калса, ылдый жактагы Камбар-Ата-2 ГЭСи жана башка ГЭСтер каскады бүт жуулуп кетет. Биз министрликке эки жолу кат жазганбыз. Биринчи катыбызга учкай жооп берген, “сейсмикалык микрорайондоштуруу изилдөөсүн жүргүзгөнгө даярбыз” деген, экинчи катыбызга жооп ала элекпиз. Сейсмолог катары баамымда ГЭС абдан кооптуу жерге курулганы жатат. Азыр изилдөөлөрдү жүргүзбөсө болбойт. Ошондуктан мындай чоң долбоорлорду ачык көз менен курушубуз керек”.
Канатбек Абдрахматов андан ары башка да министрликтер, мамлекеттик мекемелер ири долбоорлорду ишке ашырууда Улуттук илимдер академиясын көңүл сыртында калтырып, алардын экспертизасына жана сунуштарына маани бербей жатканын кошумчалап өттү.
Ал мисал катары Түндүк-түштүк альтернативдик жолун курууда академияга караштуу Геология институту кезинде 16 кооптуу тилке бар экенин эскерткенин маалымдап, ошол эске алынбай калгандан улам жол бүтө электе анда көчкү жүрүп жатканын айтты. Улуттук илимдер академиясынын президенти ири ГЭСти курууда да ушундай алешемдиктердин алдын алууга үндөдү.
Комитеттин төрагасы Азизбек Турсунбаев кайрадан сөз алып, илимпоздун сөзүн коштоп, өкмөт өкүлдөрүнө Улуттук илимдер академиясынын улуттук долбоорлорго катыштырууга чакырды:
“ГЭСтерди салууда долбоорлоо учурунда илимий адистерди катыштырып, тиешелүү тыянактарды алыш керек. Союз учурунда ошондой болгон да, ансыз иш жүргөн эмес. Бүгүнкү күндө бул андан да актуалдуу болуп калды. Себеби, жылдан-жылга климат өзгөрүп жатат. Өзүбүз да тоолуу республикабыз. Электр станцияларды курууга миллиарддаган долларлар кетип жатат, ошонун баары куру кетпегидей болушу кажет”.
Мындан соң депутат финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеевага кайрылып, “ушундай изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн академияга эмне үчүн каржы бөлүнбөй калып жатат?” деп сурады. Дүйшеева академия кандайдыр бир изилдөө жүргүзүү үчүн министрлик аркылуу конкреттүү сунуш менен келиши керектигин, ансыз алар каражат бере албай турганын айтты.
Министрликтин жообу
Кыргызстандын башкы сейсмологунун билдирүүсүнө Энергетика министрлиги 10-сентябрда расмий жооп берди.
Мекеме маалымдагандай, Камбар-Ата-1 ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемесин кайрадан даярдоодо эл аралык “ЭЙФРИ Швейцария ЛТД” компаниясы консультант катары тартылган. Компания өз кезегинде сейсмикалык изилдөө жүргүзүү үчүн Dr. Martin Wieland, Mr. Stefan Ehlers аттуу эксперттерди жана сейсмологдор командасын кеңешчи кылып алган. Алар кайрадан эле Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматтарынын жана Борбор Азиядагы жер титирөөлөр каталогунун негизинде корутунду даярдашканы айтылат.
“Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана эксперттик деңгээлдеги көптөгөн талкуулардын жыйынтыгында […] курулуш аймагынын сейсмикалык кооптуулугуна баа берилип, консультантка геологиялык коркунучтарды эске алуу сунушталган. Анын ичинде плотина аркылуу өткөн активдүү жаракадагы биринчи жараканын жылышуусун жана жакын жердеги жаракадагы жер титирөөдөн келип чыккан активдүү же активдүү эмес жаракалардагы, бүктөлүштөрдөгү же жылышуулардагы экинчи жараканын жылышыын эске алуу сунуштары да бар. Мындан сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн ийри гравитациялык плотинанын варианты сунушталган. Бул суу агызуучу жана суу чыгаруучу түзүлүштөрдү эффективдүү багыттоо аркылуу конструкциянын гидравликалык эффективдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатат. “ЭЙФРИ Швейцария ЛТД” компаниясы бетон гравитациялык плотинанын бүт конструкциясы иштеп жаткан жүктөмдөргө туруштук берет жана жалпысынан көтөрүмдүүлүк жагынан чама-чаркы коопсуз деген акыркы корутундусун даярдады”, – деп айтылат билдирүүдө.
Энергетика министрлиги бул процеске Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун адистери да чакырылганын, бирок белгисиз себептерден улам алар катышпай коюшканын белгилейт. Мекеме изилдөөлөрдүн корутундусу менен таанышпай туруп долбоорду сындоону каралоо катары баалаган:
“Камбар-Ата-1 ГЭСинин плотинасын пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин маанилүүлүгүн эске алуу менен, мындан ары ГЭСти долбоорлоодо жана курууда гидротүйүндүн курулуш аймагындагы сейсмикалык активдүүлүктүн таасирин деталдуу изилдөөнү камсыз кылуучу иш-чаралардын тизмесин милдеттүү түрдө ишке ашыруу каралган. Анын ичинде плотинанын огунда, дарыянын капталдарында плотинанын деңгээлинде жана плотинанын түбүнөн жогорураак жерлеринде 3төн 5ке чейин сейсмикалык станцияларды жайгаштырып, сейсмикалык микрорайондоштуруу картасын түзүү да мерчемделген”, – деп белгилейт Энергетика министрлиги.
Министрлик долбоордун курулушун ишке ашыруу үчүн ушул күнгө чейин чоң иш жүргөнүн жана учурда станцияны куруунун негизги жумуштарын баштоого даярдык жүрүп жатканын тактаган.
Эксперттер эмне дейт?
Маалым болгонлой, Камбар-Ата-1 СССРдин “Гидропроект” институтунда 1980-жылы долбоорлонгон “Камбар-Ата” гидроэнергетикалык комплексинин бир бөлүгү болуп саналат. 1982-жылы техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, 1988-жылы башкы документациясы бекитилген.
Комплексте 1900 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-1, 360 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-2 жана 170 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-3 ГЭСтери бар эле.
Мунун биринчи-экинчисин алгач Нарын дарыясынын эки тарабын жардыруу аркылуу куруу пландалган. Экөөнүн курулуш иштери 1986-жылы башталып, союз тараган учурда басаңдап калган. 1993-жылы таптакыр токтогон. Жумуштар 2003-жылы кайра жанданып, 2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген.
2012-жылы Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти куруу тууралуу макулдашкан. Ага ылайык, долбоорду орусиялык “Интер РАО” компаниясы ишке ашырмак. Бирок ал ишкана иш баштабай койгондуктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Расмий Бишкек 2020-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСин өзү курарын жарыялаган.
Азыркы президент Садыр Жапаров 2021-жылдын март айында Ташкентке барып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев экөө аталган долбоорду чогуу ишке ашырууну макулдашкан. Бирок иш кайрадан башталган эмес.
2023-жылдын башында Камбар-Ата-1ди Борбор Азиядагы үч өлкө – Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзөт, ал Камбар-Ата-1 ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген.
ГЭСти курууга жалпы эң аз дегенде 2-3 млрд доллар, болбосо 4-5 млрд доллар да кетиши мүмкүн. Казакстан менен Өзбекстан негизги курулуш иштери башталганда өз үлүшүнө ылайык каражат берүүгө макулдук берген. Ага чейин Кыргызстан гидроэлектрстанцияны курууга даярдык иштерин өз каражатынын эсебинен баштай берген. Бул үчүн кыргыз өкмөтү өзү 500 млн доллар бөлмөк.
Ал эми техникалык-экономикалык негиздеме үчүн Дүйнөлүк банк 500 млн доллар насыя берүүгө макул болгон, ушул күнгө чейин 18,6 млн доллар бөлүндү.
Мунун фонунда Кыргызстандын башкы сейсмологунун билдирүүсү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кызуу талкууларга жем таштады.
Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков "Азаттыкка" буларды айтты:
“Камбар-Ата-1 ГЭСинин плотинасы курула турган жердин алдында тектоникалык жарака кетет. Бул биринчиден. Экинчиден, Нарын дарыясынын ошо станцияга суу топтолчу жери ийри-буйру болуп кетет. Тоонун бир тарабы бийик, экинчи тарабы жапыз. Суу толгондо оң жагына күч келиши мүмкүн. Анткени, суу түз келип плотинага такалбай, ошол жапыз тоого да такалат. Кокту да кууш. Андай шартта плотинага аябай чоң жүк түшөт. Мен билгенден “Камбар-Ата-1 ГЭСи курабыз” деп баштагандан бери, илгертен эле Сейсмологиялык институту эскертүү берип келатат. Алар “ошол жерге тиешелүү сейсмикалык жабдууларды орнотуп, кеминде жарым жыл, болбосо бир жыл текшерүү керек” деп сунушташкан. Ошондо деле буга көп көңүл бурулган эмес эле. Азыр да менимче курулушту баштоого шашып эле бул жагдай дагы көңүл сыртында калган окшойт. Бул өтө чоң долбоор, Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү курулма. Ошондуктан, шашпай Улуттук илимдер академиясынын, Сейсмология институтунун эскертүүлөрү менен сунуштары эске алынышы кажет. “Боло берет турмушта, “особенно” кыргызда” дегендей кылбайлы. Бул жөн салды жасай койчу нерсе эмес, баарын эсептеп чыгып, анан иш тутуу керек”.
Эрнест Карыбеков кезинде 2010-жылы бир агрегаты пайдаланууга берилген Камбар-Ата-2 ГЭСин курууда да мына ушундай эле алешемдиктер кетирилгенин, ошол себептүү анын да кошумча агрегаттарын ишке киргизүү кечеңдеп жатканын кошумалады:
“15 жыл мурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу аябай шаан-шөкөт менен, ошол мезгилдеги өкмөттүн мүчөсү Акылбек Жапаров “улуу урматтуу президент” деп кайрылып, старт берилген эмес беле. Ошондо тоону эки ирет жардырышы керек болчу. Экинчиси ойдогудай жарылган эмес. Көрсө, аны жердин кыртышын толук изилдебей жасашкан экен. Алар долбоор боюнча 63 метрлик плотина үчүн жардырышмак болсо, болгону 27 метрге чейин эле жардырылыптыр. Суу толо баштаганда тороп турган тоо тектер аздык кылып, трактор менен, кол менен топурак тартып, үстүн араң жабышкан. Ал жакта да маселе бар. Камбар-Ата-2 ГЭСинин астынан да тектоникалык жарака өтөт. Кокустан жер катуу титиреп, бирдеме болсо анда гидроэлектр станциянын бүт жабдуулары иштен чыгып калышы мүмкүн. Ошол катачылыктарды көрүп-билип туруп, эми Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда да шашып атканыбыз абдан өкүнүчтүү”.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин жаңы техникалык-экономикалык негиздемесинде да мурдагы долбоордогудай төрт агрегат каралган. Алардын кубаттуулугу 1864 мегаватт болот деп мерчемделген. Бул Кыргызстандын азыркы эң ири – Токтогул ГЭСине караганда да көп, анын кубаттуулугу 1200 мегаватт.
Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектр станциясы жана эки ири жылуулук электр борбору бар. Алардын кубаттуулугу 3892 мегаватт же 3,8 ГВт. Энергетиктердин айтымында, алдыңкы он-он беш жылда өлкөгө мындан эки же үч эсе чоң кубаттуулук керек болуп калат.
Кыргыз өкмөтү 2026-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда 4 ГВт 700 МВт ашуун кубаттуулуктагы 48 гидроэлектр станциясы жана күн менен шамалдан энергия алуучу, 5 ГВт 700 МВт кубаттуулуктагы 15 станция куруу планын жарыялаган. Бирок муну ишке ашыруу кечеңдөөдө жана мындай көлөмгө 2030-жылдары барып чыгышы мүмкүн.
Шерине