Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:22

Президент Жапаровдун "Улут деми - Уңгу жол" китебинин бет ачары өттү


Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол” аттуу китебинин бет ачары 7-октябрда Улуттук илимдер академиясында өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, студенттер катышты.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов китеп “мамлекет башчынын идеялары менен көз караштарын жыйынтыктаган, коом үчүн маанилүү руханий мурас” экенин белгиледи.

“Улут деми – Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби президент Жапаровдун ар кыл маектеринин, кайрылууларынын жана ойлорунун топтому болуп, анда мамлекеттүүлүк, улуттук баалуулуктар, коомдун биримдиги жана өнүгүүнүн багыттары тууралуу ой толгоолор камтылган. Анда президенттин тандамал сөздөрү мамлекеттик кызматкерлер менен коомдук ишмерлерге, илимпоздор менен жаштарга жана жалпы эле окурмандарга арналган.

Жыйнакты президенттин кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов, президенттик администрациянын кызматкери Нурбек Асаналы уулу демилгелеп, адабиятчы Кемел Белеков башкы редактору болгон.

Былтыр жыл башында президент Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу китеби жарык көргөн. Эмгек идеологиялык багытта экени, "кыргыз элинин маданияты, салты тууралуу жазылып, жаңы Кыргызстанды түзүү жана куруу идеялары камтылганы" айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG