Президент Садыр Жапаров Октябрь окуяларынын беш жылдыгына карата “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, 2020-жылдагы кырдаал тууралуу айтып берди. Маекте президент 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын өнүгүшү, өзүнүн кантип өкмөт башчы болуп дайындалганы, жаалданган жарандар менен кантип мунаса тапканы жана андан кийинки көрүнүштөр боюнча кеңири айтып берген. Ал ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду колго түшүрөбүз деген топту токтотуп калганын да белгилеген.
“6-октябрь күнү эртең менен жоон топ балдар Байтик тарапка жөнөп калышкан экен. “Эмне болду?”- десем,- “Сооронбай Шарипович ошол жакта бир үйдө жатат экен кармап, аянтка алып келип жазалаганы кетип жатабыз”,- дешти. Колдорунда куралдары бар. 2010-жылдан калган куралдар болсо керек деп ойлоп койдум. Колдорунда дагы 300дөй тизме бар экен. Баары – ошол учурдагы жана мурдагы бай чиновниктер. Баарын аянтка алып келип асабыз дешет. “Андай кылбагыла. Таптакыр кереги жок”,- деп ынандырып жатып, араң макул кылдым”, - деген президент.
Жапаров Сооронбай Жээнбеков оор сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кеткенин, алгачкы командасындагы “жаш кадрлар тажрыйбасыз болгонун”, ошол маалда бюджеттеги таңкыстыктын көптүгүн жана экономикалык абал улам жакшырып келатканын белгилеген.
Жапаров Октябрь учурдагы эскерүүлөрдү камтыган китеп жаза турганын билдирди. Ал эмгеги буга чейин жазылган “Саясаттагы 10 жылдын” уландысы болуп, таң калычтуу маалыматтар жазылган “бестселлер болорун” белгиледи.
Мамлекет башчы мындай окуялар кайталанбашы үчүн шайлоолор таза өтүшү керектигин жана бул өнөктүктү өзү көзөмөлгө аларын айтты.
2020-жылдын октябрь айындагы толкундоо парламенттик шайлоонун жүрүшүнөн, анын жыйынтыгынан улам келип чыккан. Көчөгө чыккан эл президенттин администрациясы жайгашкан Жогорку Кеңештин имаратына кирип барган. Бул окуялардын жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда отставкага кетип, ал кезде абактан бошотулган Садыр Жапаровго президенттин милдетин аткаруу укугу берилген. Ал учурда Садыр Жапаровдун премьер-министрликке шайланышынын мыйзамдуулугун байланыштуу талаштар болуп, ал кездеги парламент бир нече жолу добуш берген.
Шерине