Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Роналду биринчи миллиардер футболчу болду


Криштиану Роналду. 20-сентябрь 2025-жыл
Криштиану Роналду. 20-сентябрь 2025-жыл

Криштиану Роналду футболчулардын арасынан биринчи миллиардер макамына жетти. Бул тууралуу Bloomberg агенттигинин миллиардерлер индексинде айтылат. Португалиялык даңазалуу футболчунун байлыгы 1,4 млрд долларга бааланууда.

40 жаштагы чабуулчу июнда саудиялык "Ал-Наср" клубу менен 400 миллион долларга жаңы келишим түзгөн.

Bloomberg кабарлагандай, Роналду 2002-2023-жылдар аралыгында 550 миллион доллар киреше тапкан. Анын ичинде Nike фирмасы менен 10 жылга түзүлгөн келишими бар. Ага ылайык, футболчуга жылына 18 миллион доллар төлөө каралган. Андан тышкары Роналду Armani, Castrol жана башка компаниялардын өнүмдөрүн жарнама кылуу келишимдерине кол койгон.

2023-жылы "Манчестер Юнайтед" клубунан "Ал-Насрга" өткөндө ал футболдун тарыхында эң көп акча алган спортчу болуп калган.

Аргентинанын курама командасынын жана "Интер Майами" клубунун чабуулчусу Лионел Месси өз карьерасында салыктар менен кошо санаганда 600 миллион доллар киреше тапкан.

Миллиардер атлеттердин тизмесинде баскетболчулар Майкл Жордан, Мэйжик Жонсон, Леброн Жеймс, голф чебери Тайгер Вудс жана теннисчи Рожер Федерер бар.


Шерине

XS
SM
MD
LG