Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Кыргызстан күйүүчү майды кайдан алат: Азербайжан, Иран же Түркмөнстан?


Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан башка жактан алууну караштырат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан башка жактан алууну караштырат.

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап жатат. Август айынан бери АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 10 сомго өстү. Нефтетрейдерлер буга Орусиядагы мунай азыктарынын тартыштыгы жана күйүүчү майдын дүң баасынын көтөрүлүшү себеп болгонун айтууда.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин соңку баяндамасына ылайык, украиналык дрондордун орусиялык объектилерге жасаган соккуларынын айынан Орусиянын мунай заводдорундагы мунай иштетүү көлөмүнүн азая бериши жок эле дегенде келерки жылдын ортосуна чейин уланат.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбаттаганы биринчи кезекте логистикалык кызматтарда иштегендерге, айдоочу, таксисттерге сезилди. Соңку эки жарым ай аралыгында эле АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 15 пайызга өстү.

Бишкектин тургуну, такси айдоочу Руслан Байгазиев тапкан-ташыганынын көбү бензинге кетип жатканын айтууда:

"2-3 миң сом тапсак, миң сомдун көбү майга кетип жатат. Мурун 2 миң тапсак, 500ү майга кетчү. Биз Яндексте программа менен иштейбиз да, андыктан, албетте, алар да көтөрүшөт. Эл нааразы болууда. Аларга да күч келип жатат".

Өзүн Адыл Эркинбаев деп тааныштырган дагы бир маектешибиз наабайканада иштейт. Күнүнө 100 км жол жүрүп, дүкөндөргө нан ташыйт. Ишкер жол чыгымына жараша нандын да баасын көтөрүүгө туура келгенин айтып берди:

"3000 сомго куйдум – 37 литр болду. Мурда бул акчага толтура бак (50 литр) куйчумун. Айырмасы бар да, туурабы? Көпчүлүгү ошондон улам электромобилге, газга өтүп жатышат. Бензиндин кымбаттаган себеби – логистика кымбат болуп жатат. Ошонун айынан азык-түлүк, бүт нерсе кымбаттайт. Элге эле кыйын болот да".

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азыр бааны кармап турууга мүмкүн болбой жатканын, күйүүчү майдын кымбатташы Орусиядагы абалга байланыштуу экенин билдирүүдө.

"95-97% биз импорттон көз карандыбыз да. Күйүүчү май биржалык товар, ал жерде өскөн болсо, анда бизде да баа өсөт. Эгерде биздин нефтетрейдерлер келишимди бузуп, бааны негизсиз жогорулатып, тактап айтканда, "жең ичинен сүйлөшүп алып" көтөргөн болсо, анда биз монополияга каршы кызмат катары кийлигишебиз. Талдоо жүргүзүп турабыз биз дайыма. Буга түздөн-түз Орусиянын дүң бензининин баасы өскөнү гана себеп. Бизге бир канча жылдан бери Орусия берип келе жатат келишим боюнча. Керектөөбүз 1 млн 200 миң тонна болгон, ушуну жыл сайын бажы төлөмсүз эле берип келген. Бүгүнкү күндө деле токтоткон жок, алардын өзүндө дефицит болгондо да", - деди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлү Бейше Сатыгулов.

Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү май өкмөт аралык келишимдин негизинде ташылып келет. Орус өкмөтү бензин жана дизел майын бажы төлөмүсүз берет. Тараптар жыл сайын квота көлөмүн макулдашып турушат.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы ушул тапта базарда Орусиядан келген күйүүчү-майлоочу майдын көлөмү азайып жатканын билдирди. Буга чейин компаниялар 2-3 айлык запас менен иштеп келсе, азыр айрымдары бир айга гана жете тургундай бензин калганын айтууда.

Ассоциациянын башчысы Канат Эшатов азыркы жагдайды төмөнкүчө түшүндүрүүдө:

Канат Эшатов. Архив сүрөт.
Канат Эшатов. Архив сүрөт.

"Орусияда жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү заводдор көпчүлүгү ремонтто. Бүгүнкү күндө дрондордун чабуулунан улам авариялык ремонтто турат. Ошондуктан бизге берген мунайзат көлөмү кескин түрдө азайды. Суроо-талап көп, бизден башка мамлекеттер да алат да, ошол үчүн да баа өсүп жатат".

Эшатов Орусия ушундай абалда калганына байланыштуу бизге мунай азыктарын сатууну токтотуп коюшу канчалык ыктымал экени тууралуу суроого:

"Эми алар беребиз эле дешет, бирок, заводдор жок болуп жатат да", - деп жооп берди

Орусиялык “Коммерсант” гезитинин жазганына караганда, жыл башынан бери бул өлкөнүн мунай иштетүүчү заводдорунда бензиндин көлөмү 10 пайызга азайды.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин соңку баяндамасына ылайык, украиналык дрондордун орусиялык объектилерге жасаган соккуларынын айынан Орусиянын мунай заводдорундагы мунай иштетүү көлөмүнүн азайышы жок эле дегенде келерки жылдын ортосуна чейин уланат. Орусиянын статистикалык мекемесинин маалыматында айтылгандай, жыл башынан сентябрь айынын соңуна чейин бул өлкөдө бензин 9,2 пайызга кымбаттады. Күз башталганы баанын өсүшү тездеп, дагы 2,48 пайызга көтөрүлдү.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы ушул тапта уюм күйүүчү майды Азербайжан, Казакстан, Иран, Түркмөнстан жана Балтика боюндагы өлкөлөрдөн алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын билдирди. Бирок алардан май базар баасы менен алынары айтылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG