Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Орусиянын эки учагы Литванын аба мейкиндигине киргени кабарланды


Орусиялык Су-30 жана абада май куюучу Ил-78 учагы Литванын аба мейкиндигин бузганын бул мамлекеттин Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул көрүнүш Орусиянын Калининград облусу менен чектешкен Кибартай шаарынын аймагында болгон. Учактар Литванын аба мейкиндигине чек арадан 700 метрдей аралыкка кирип, кайра Орусиянын аймагына кайткан. Чек араны бузуп өтүү 18 секундда болгон.

Буга жооп катары “НАТОнун аба полициясынын миссиясындагы испаниялык эки учак заматта абага көтөрүлгөнү” министрликтин маалыматында айтылат.

Өлкөнүн президенти Гитанас Науседа билдиргендей, Тышкы иштер министрлиги орус элчилигинин өкүлдөрүн чакырып, “жоопкерчиликсиз жана кооптуу жорукка” байланыштуу нааразылыгын билдирет.

Орусия бул тууралуу комментарий бере элек.

Сентябрда НАТО өлкөлөрү Орусияны бир нече ирет өзүнүн аба мейкиндигин бузду деп айыптаган.

10-сентябрда 20дай учкучсуз аппарат Польшанын аба мейкиндигине кирип келген. 19-сентябрда Эстония орусиялык истребителдер аба мейкиндигин бузганын жарыялаган. 23-сентябрда Даниянын борбору Копенгагенде да ушундай маселе жаралган.

Шерине

XS
SM
MD
LG