Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Бишкекте профессионалдык бокс мелдеши өттү


Самат Абдрахманов жана Брендон Денес. 27-октябрь, 2025-жыл.
Самат Абдрахманов жана Брендон Денес. 27-октябрь, 2025-жыл.

25-26-октябрда Бишкекте Saikou X Lush Boxing Promotions компаниясы уюштурган профессионалдык бокс мелдеши өттү. Анда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Жапония, Аргентина, Филиппин, Таиланд, Мексика, Уганда жана Зимбабведен келген мушкерлер беттешти.

Мелдеште WBA Asia, WBA жана IBF версиялары боюнча титулдук оюндар дагы өткөрүлдү. Негизги беттештердин бири болгон 74 килограмм салмакта кыргызстандык мушкер Самат Абдрахманов (Самат Кыргыз) Зимбабведен келген Брендон Денес менен рингге чыгып, утуп алды.

Saikou X Lush Boxing Promotions Бишкекте экинч жолу профессионалдык бокс мелдешин өткөрүп жатат. 20-июлда өткөн беттеште Олимп оюндарында күмүш медал алган Мунарбек Сейитбек уулу Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенгени утуп алган.

Saikou X Lush Boxing Promotions компаниясынын өкүлү Нурсултан Мойдунов бул мелдештер Кыргызстанда профессионалдык боксту өнүктүрүүгө аракет экенин билдирди. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG