Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Айзирек Эралиеванын өлүмү: Ош облустук сотунда ишти кароо уланды


38 жаштагы Айзирек Эралиева быйыл май айында күйөөсүнүн колунан каза болгон.
38 жаштагы Айзирек Эралиева быйыл май айында күйөөсүнүн колунан каза болгон.

Күйөөсүнүн колунан каза тапканы айтылган Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу иш 5-ноябрда Ош облустук сотунда карала баштады. Бул тууралуу отурумга катышып жаткан "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады.

Экинчи инстанциядагы соттук кароо 8-октябрда башталган. Ал күнү жактоочу иш менен таанышып чыгууга убакыт сурап өтүнүч келтирген жана сот аны канааттандырып, жараянды 5-ноябрга жылдырган.

Өзгөн райондук соту Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу 31-июлда өкүм чыгарып, анын күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыраткан. Эралиеванын жакындары шектүүнү өмүр бою камакта калтырууну өтүнүп, райондук соттун чечимине каршы облустук сотко даттанган.

Бул окуяга байланыштуу "адам өлтүрүү", "куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Быйыл 26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин ага барган 38 жаштагы Айзирек аттуу келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып 40 жаштагы күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган.

Ички иштер министрлиги кылмышка шектүүнүн куралы буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин бышыктап, буга байланыштуу айрым кызматкерлер жазаланганын билдирген.

Маркум келиндин артында беш баласы калган.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары көп катталып жатат. (DSh/ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG