Ысык-Көлдө элдик коалиция түзүлдү
Ысык-Көлдө 11 адамдан турган элдик коалиция түзүлдү. Бул тууралуу Каракол шаарынын тургуну Таалай Отунчиев билдирди:
"Биз элдик коалицияны түзүп жатабыз, анда бир дагы партиянын өкүлү жок. Эми 11 киши катталган коалиция аймактагы элдин ынтымагын ыдыратпай кармап туруу. Ар бир райондон өкүл киргиздик, алар жер-жерлерде тынчтыкты сактап, облустун өкүлү Балбак Түлөбаевге жардам берип турат. Биз мародёрлукка, башаламандыкка жол бербешибиз керек. Өкмөттүн иши турукташкандан кийин биз аларга баарын өткөрүп берели деп чечтик".
Отунчиевдин айтымында, элдин өтүнүчү боюнча Балбак Түлөбаев "элдик өкүл" болуп калды. Буга чейин Балбак Түлөбаев өкмөттүн облустагы өкүлү кызматын өз каалоосу менен өткөрүп бергени кабарланган.
Балбак Түлөбаев өткөргөн маалымат жыйын.
Бишкек мэри Азиз Суракматов кызматтан кеткенин мэрдин жардамчысы Гуля Алмамбетова "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.