Митингде 19 жаштагы жигит каза болду
"Ала-Тоо 24" телеканалынын эмгек жамааты иш таштады
Коомдук телеканалдын "Ала-Тоо 24" жаңылыктар каналынын элүүдөн ашуун кызматкери иш таштады. Алар муну телеканалга жаңы келген жетекчи Чынар Капарова менен иштешүүнү каалабаганы менен түшүндүрүшүүдө. Жамаат "Ала-Тоо 24" каналынын кызметкерлери Координациялык кеңешке, азыркы бийликке келген атуулдарга кайрылуу жолдоду.
Анда: "Өздөрүн элдин атынан келдик деген адамдардын тобу башаламандык уюштуруп, продюсерди мыйзамсыз кызмат ордунан кетирип, шайлоого аттанган “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү мамлекеттик стратегиялык объект болгон “Ала-Тоо 24” каналын басып алууга аракет кылышты. Координациялык кеңеш мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп алууларды мыйзамсыз деп атады. Координациялык кеңеш эч кимди, эч жакка басып алууга жибербегендигин айтты. Бирок, өздөрүн элдин атынан деп тааныштырган 20 чакты адам бир каналдын тагдырын чечүүдө. Кечээки митинг кресло талаш үчүн болду беле?! Башаламандыкка ким жооп берет?! Мыйзам кайда калды?!" деп жазылган.
Кайрылууда белгиленгенге караганда "Бир Бол" партиясынын шайлоо тизмесиндеги журналист Чынара Капарованы тарапташтары "Ала-Тоо 24" каналынын продюсери кызматына дайындашкан.
Каналдын продюсери Сюита Соурбаева каналдын элүүдөн ашуун кызматкери учурда Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууну көздөп жатышканын "Азаттыкка" билдирди.
Мурдараак Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Жылдыз Бакашева дайындалганы, ал эми "Кыргыз радио бирикмесинин" жетекчиси Мирлан Самыйкожо ордунда калганы кабарланган.
Саламаттык сактоо министринин милдетин орун басарлары аткарат
6-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңеши бул расмий органдын имаратына баргандарды сүйлөшүү жолу менен чыгарып, убактылуу министрдин милдетин анын эки орун басары Мадамин Каратаев жана Нурболот Үсөнбаев аткарарын сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" байкоочу кеңештин мурдагы мүчөсү Бактыгүл Бозгорпоева маалымдады.
"Биз түшкө чейин министрликте болуп жаткан чатакты чечип, министрдин иш бөлмөсүнүн эшигин чаптап кеткенбиз. Бирок, биз кеткенден кийин "Чоң казат" партиясынын өкүлдөрүбүз деген топ кайра барып алыптыр. Негизи министрди координациялык кеңеш убактылуу дайындагыча мындай чыр болбой турса дегенбиз", - деди.
5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесине кирип барышкан.