Жогорку Кеңештин депутаттарынын спикерди жана өкмөт башчыны шайлаган жыйыны мыйзамсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин «Азаттыкка» билдирди. Депутаттын айтымында жыйынга болгону 30 депутат катышкан жана алар кылмыштуу топтордун басымы менен чакыртылган.
«Булар Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп алышкан. Аны президент катары калтырабыз деген аракети бар. Ошол эле убакта булар Матраимовдор менен мамилеси жакын деп бүгүн маалымат алып атабыз. Ошондо «Мекеним Кыргызстандын», «Биримдиктин» өкмөтүн өздөрү шайлашты».
Депутат Акаевдин айтымында бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны болот, кворум бар. Анда спикерге жана «элдин ишениминдеги таза, жаштардан куралган жаңы өкмөт» сунушталат.
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болушуна каршы митинг болуп жатат. Ага «Реформа», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» партияларынын өкүлдөрү, жаштар уюмдары, активисттер баштаган бир нече уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Митингде сөз сүйлөгөндөр «өкмөт башчылыкка мурдагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү эмес, таза, адилет, ачык-айкын иштей турган жаш лидерлер келсин» деп талап кылышууда. Активист Улан Үсөйүн чогулгандарга модераторлук кылып жатат.
«Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Акматбек уулу: «Бардык саясий тараптарды чакырып, кеңешип иш кылышсын. Жең ичинен сүйлөшпөй, ачык-айкын аракеттерди жасашсын. Азыр эл билбеген бийликти орнотууга аракет кылышууда. Маселе бир кишиде эмес, өлкөбүз үчүнчү жолу революция жасап, кайра эски жолго түшүп жатабыз. Коом өзгөрүү жолуна түшөт деп ойлогонбуз. Элдин үмүтүн бир ууч топ менчиктеп алды», - деди.
Аянттагы митингде бир катар партиялардын өкүлдөрү микрофон талашып, пикир келишпестик чыкты. «Ата Мекен» партиясынын талапкери, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева чогулгандарды ынтымакка чакырды:
«Азыр бул жерде 15 партиянын мүчөлөрү турат. Ар бириңер бөлүнө берсеңер, ыдырап кетебиз. Бийликке ушул керек. Биз бул жакта турсак, тиги жакта эркектер бийлик талашып атышат. Эркектер башкара албаса, мына кыз башым менен мен башкарып берем!» - деди Сурабалдиева.
«Ата Мекен» партиясынын дагы бир талапкери Тилек Токтогазиев «учурдан эски саясатчылар пайдаланып, бийликти колуна алууга аракет кылып жатышат» деп айыптап, аларды митингге да жолотпоого чакырды. Ушул тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка сунушталышына каршы митинг өтүп жатат.