Суваналиев: Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңеши
Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңеши. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 8-октябрда жарандык коомдун форумунда билдирди. Ал учурда өлкөдө кырдаал оор экенин айтып, мындан ары да курчутуп жибербеш үчүн Коопсуздук кеңеши укук жана тартип коргоо кызматтарынын ишин координациялоону өз колуна алганын айтты:
«Кырдаал оор. Саясий күчтөр бири-бирине карама-каршы. Ар бир партиянын тарапкерлери өзүнө тартып, митинг кылып, келише албай жатышат. Мурдагы бийлик кайра «кеткен жокпуз, иштеп жатабыз» деп чыкты. Президент «мыйзамдуумун» деп жатат. Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңеши. Мен орун басарлык кызматымды аткарып, бардык күч кызматтары менен иштеп атабыз. Курал-жарак бар. Көп күчтөр ошол курал-жаракка жетип, кырдаалды күчөтүүнү көздөп турушат. Уюшкан кылмыштуу топтор менен да өлкөнүн туруктуулугун камсыздоо боюнча сүйлөшүп жатабыз. Координация менин милдетимде жана колумда».
Өмүрбек Суваналиев учурда бир да саясий партияны колдобой турганын, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлигинен кеткенин, саясаттан тыш, коомдук коопсуздукту сакташ үчүн иштеп жатканын кошумчалады.
«Бир да күч кызматынын имаратында саясий партиялар жыйын өткөрүүгө укугу жок, - деди ал. - Ошондуктан алар башка бейтарап имараттарга барып иштесин. Жогорку сот иштеп жатат, башка түзүмдөр иштеп жатат. Мен өзүн жетекчимин деп тааныштырган адамдар менен иштеген жокмун. Жетекчиси кетип калган органдардын орун басарлары менен иштеп атабыз».
Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары чет мамлекеттер менен да байланышып жатканын айтты. Анын айтымында бардык аймактарда улут аралык, аймак аралык жана башка ажырымга, чатакташууга жол берилбейт. Ал Интернетте тарап жаткан түрдүү чагымчыл маалыматтардан сак болууга, аларга ишенбөөгө чакырды. Суваналиев ошондой эле жарандык коом аркылуу саясий партияларга кайрылып, чогуу отуруп, мыйзам жолуна түшүүнү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынчтыкка келүүнү, кырдаалды курчутпоону суранды.
Бишкек мэри иш ордуна кайтып келди
8-октябрда Бишкектин калаа башчысы Азиз Суракматов тарапташтары менен мэриянын имаратына кирди. Ал өз ишин токтотпогонун, эки күндөн бери аралыктан иштеп жатканын айтып, кадимки тартипте иштей берерин билдирди.
«Мен шаардык кеңештин чечимин гана тааныймын. Азырынча кызматтан кетишим тууралуу чечим чыккан эмес. Шаарда коронавирус жайылып, санитардык коопсуздук, жылуулук, ишкерлердин коопсуздугу боюнча маселелер курч болуп турат. Ушул маселенин баарын колго алып, ишибизди мурдагы тартипте уланта беребиз», - деди чогулгандарга.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүсүралиев мэр алмашпаганын 6-октябрда билдирген. Ошол күнү шаардык кеңеш жыйынга чогулары айтылган.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолуп, аймактарда, ири шаарларда башчыларды алмаштыруу аракеттери болгон.
Таалайбек Сарыбашов 7-октябрда Ош мэриясындагы кызмат ордуна кайтып келди. Ал өзү муну өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Садыр Жапаровдун «бардык мамлекеттик кызматкерлер иш ордуна кайтып барып иштешин» талап кылган кайрылуусу менен негиздеди. Буга чейин Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышкан эле.
Өкмөттүн аппарат жыйынын вице-премьер өткөрдү
8-октябрда Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчылары менен онлайн жыйын өтүп, аны вице-премьер-министр Эркин Асрандиев алып барды. Жыйында бардык кыйынчылыктарга карабай мамлекеттик органдар ишин улантары, бардык жетекчилер, кызматкерлер ырааттуу иштеши жана жумуш ордун таштап кетпеши керектиги белгиленди.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 7-октябрдан тартып бардык министрликтер, өкмөттүк мекемелер ишин жандантты. 7-8-октябрь күндөрү айрым министрлер, алардын орун басарлары, шаар мэрлери, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү да кайра өз кызматтарына кайткан.
6-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгүнүн катышуусунда жыйын өтүп, анда премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызын көрсөтүп, ордуна Садыр Жапаровдун талапкердиги сунушталган. Кубатбек Бороновдун арызын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган-албаганы тууралуу маалымат жок.
4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бир катар жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик органдардын жетекчилери кызмат ордунан кетүү жөнүндө арыз жазышкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.
Суваналиев БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту
Укук коргоо органдарынын координатору, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугушту. Жолугушууда акыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.
Жолугушуу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымат берди. Суваналиевдин айтымында «кырдаалды курчутууга чагымчыл элементтер тарабынан аракеттер болуп жатат, буга карабастан күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү».
Суваналиевге БУУ Баш катчысы Антонио Гуттериштин билдирүүсүн эске салып, өлкөнүн кризистен чыгышы үчүн болгон көмөктү көрсөтүшөрүн айтты.