Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

19:27 14.9.2022

ШКУ саммитинин астында атылган ок

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасынын үч жеринде атышуу болуп, кырдаал чыңалган бойдон турат. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, атышуулар Баткен районунун Булак-Башы, Как-Сай жана Паскы-Арык аймактарында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, атышууда Кыргызстан тараптан беш адам, эки чек арачы жана үч жай тургун жарадар болду. Анын бирөө 11 жаштагы бала.

"Озоди" Тажикстан тараптан эки чек арачы каза тапканын, 11 адам жарадар болгонун, анын алтоо чек арачы, бешөө жай тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү чыр чыккан аймакта жолугуп, кырдаалды жайгаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 14-сентябрь күнү кечке маал Тажикстандын Согд облусунун губернатору менен Достук айылында жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салып жатышканын кабарлады.

"Биз азыркы учурда Согд облусунун губернатору жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен бирдикте сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Биринчиден, биргелешкен башкаруу пунктун орнотуу боюнча чечип жатабыз. Экинчиси - кайсы айылдардын чек арасында ок атуулар болсо, ошол жерлерге күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин жооптуу кылып дайындап жатабыз. Үчүнчүдөн, бүт кошумча келген күчтөрдү өзүнүн дайыма кызмат кылган жерлерине кайтарууну сүйлөштүк. Учурда ок атуулар толугу менен токтоду. Бирок биз азыр кошумча жумуштарды жүргүзүшүбүз керек. Мындан тышкары, Лейлек районунун акимине да "коңшу өлкөнүн акими менен бирдикте жолугушуп, чек арада эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошол жакта тынчтыкты кармап, дүрбөлөңгө алдырбоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзгүлө" деген тапшырма бердик".

14-сентябрда эртең менен саат 8де Баткен районунун Булак-Башы аймагында башталган ок атышуу түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасынын дагы эки тилкесинде уланды.

Чек ара кызматынын өкүлү Асылкерим Ажиев Тажикстандын чек арачылары Булак-Башыдагы тактала элек тилкеге уруксатсыз кирип келгенин билдирди.

Асылкерим Ажиев
Асылкерим Ажиев

"Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек ара кезметин аныкташкан. Алар өз учурунда тараптардын ортосунда мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкесинде күжүрмөн позицияны ээлеген. Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп иретинде Кыргызстандын чек арачылары да курал колдонгон. Чек ара кезметтеринин ортосунда ок атышуу башталып, тажик тарап миномет колдонгон. Куралдуу чыр-чатактын натыйжасында Чек ара кызматынын эки аскери жараат алган. Минометтун жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган. Минометтун снарядынын сыныктары денесин чийип өтүп, экинчи аскер кызматкери контузия алды".

Окуя тууралуу Тажикстандын чек ара кызматы да билдирүү таркатып, ок атышууга кыргыз чек арачыларын айыптады. Расмий органга шилтеме кылынган алгачкы маалымат Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттигине жарыяланды.

"14-сентябрда саат 7:15 чамасында Кыргызстандын "Булак-Башы" чек ара постунун аскерлери Тажикстандын "Кех" чек ара тозотуна карата минометтон төрт жолу ок чыгарды. Эч кандай себеби жок эле тажик чек арачыларынын өңүттөрүн автомат, пулемет жана башка ок атуучу куралдар менен аткылашты. Мындан тышкары, Кыргызстандын аталган аймагына кошумча аскер күчтөрү жана каражаттар жеткирилди. Тажик чек арачылары буга ок атуу менен жооп берди. Учурда эки тараптын чек ара өкүлдөрү абалды тынчытуу жана коңшу өлкөнүн чек ара аскерлеринин чагымчыл аракеттеринин себептерин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деп жазды "Ховар" агенттиги.

Булак-Башы Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш аймактагы эл туруктуу жашабаган тоолуу жер. Ворух анклавынан 6-8 чакырым, кыргыз айылдарынан 30-32 чакырымдай алыс жайгашкан.

Булак-Башынын жайытында мал багып жүргөн Бекмурза тараптардын ок атышуусуна күбө болгон. Анын айтымында атышуу үч саатка созулган.

"Бул жерде үч короо мал, үч койчу барбыз. Теген-Эчки менен Беркуйда дагы экөө бар. Ошону менен беш-алты койчу барбыз. Менимче, таңкы 8:00дө ок атылганы угулду. Үч саат согушту, алардын эки «Тигри» чыкты, анан БТР келдиби же БМПби – катуу тарсылдаган үн угулду. Кургак чөптөр күйүп, өрт дагы чыгып кетти".

Тажик чек арачыларынын минометунан атылган снаряддан жайытта өрт тутанган.

Кара-Булак айыл аймагынын Жайыт комитетинин башчысы Меңдибай Зикираев Булак-Башыда минометтун аткылоосунан чыккан өрттөн чоң аянт күйүп кеткенин билдирди.

Меңдибай Зикираев
Меңдибай Зикираев

"Койчулар жакшы, баары алдымда. Төрт койчу бар, мени менен бешөө. Бул жак күйүп жатат, ошону өчүрүп жүрөбүз. Булак-Башынын өйдө жагына мина түшкөндө чөптөр күйүп кетти, азыр бүт жакка жайылып жатат. Өтө чоң жер күйүп кетти, бул азыр жогору жакка жылса арчалар да күйүп кетет. Ошого жеткирбейли деп бул жерде өчүрүп жүрөбүз. Болжол менен 20 гектардай жер күйгөн. Муну өчүрүш өтө кыйын болуп жатат".

Паскы-Арык менен Как-Сайдагы атышуу

Ушул эле күнү түшкү саат 14:00 чамасында Баткен районунун Как-Сай, андан бир саат өтпөй Паскы-Арык аймагында да ок атышуу орун алды.

Кыргызстандын чек ара кызматы эки жерде тең окту тажик тарап биринчи чыгарганын билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматында, Паскы-Арыктагы "Самаркандек" чек ара тозотунун аймагында орун алган куралдуу чыр-чатак маалында Кыргызстандын үч жараны жараат алган, анын бирөө 11 жаштагы бала. Биринин башына снаряддын чачырандысы тийген, экинчи жарандын ичине ок тийип, өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Саламаттык сактоо министрлиги 21:00до жарадарлардын абалы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык 11 жаштагы бала октон жаагынан жана сол ийининен жараат алган, учурда абалы орточо оор. Башынан жараат алган 21 жаштагы жигиттин да абалы орточо оор деп бааланууда. Ичине ок тийген 31 жаштагы эркектин абалы өтө оор, ага операция жасалып жатат. Жараат алган үч адам тең Лейлек райондук ооруканасына жеткирилген.

Мындан тышкары, Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, "тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы" байкалган.

Жергиликтүү тургундардын билдиришинче, чек арадагы окуялардан улам Баткен районунун чек арага жакын Ак-Сай, Көк-Таш, Миң-Булак, Самаркандек, Жаңы-Бак, Орто-Боз жана Достук айылдарынан кыз-келиндер менен балдар Баткен шаары менен Рават айылына эвакуацияланган.

"Озоди" Тажикстандын Чек ара кызматы Как-Сай жана Паскы-Арык аймагындагы атышуу тууралуу маалымат бербегенин, бирок Чоркух жамаатынын жашоочулары саат 14:00дон тартып кыргыз тараптан тынымсыз ок атылганын айтканын жазды. Ошондой эле өлкөнүн күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан эки тажик чек арачысы каза таап, дагы 11 адам жарадар болгонун кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлеринин саммити белгиленген маалга туш келди. Саммит чек ара чыр-чатагы жүрүп жаткан Баткен аймагынан 450 чакырымга жетпеген аралыкта, Өзбекстандын Самарканд шаарында 15-16-сентябрда өтөт.

Жыйынга ШКУга мүчө Өзбекстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Пакистан жана Индиянын лидерлери катышат. Мындан тышкары уюмга байкоочу макамындагы Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери жана атайын чакырылган Азербайжан, Түркмөнстан, Армения жана Түркиянын өлкө башчылары катышары күтүлүүдө.

Мындан так үч ай мурда, 14-июлда да Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары ок атышкан. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

18:41 14.9.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 16:20га карата Баткен облусунун Радар аймагында (Кыргызстан) Баткен жана (Тажикстан) Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу башталганын маалымдады.

“Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү, эки республиканын укук коргоо органдарынын бөлүм башчылары, күч түзүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын жетекчилери катышууда. Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндегы кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

17:04 14.9.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматында, кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 16:00гө карата чыңалуу бойдон турат. Маалыматка ылайык, Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетиндеги ок атышуу токтотулду.

Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10дон бери "Баткен районунда тажик тарап баштаган ок атышуулар болуп жатат" деп билдирген. Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлады.

16:06 14.9.2022

Кыргызстандын президентинин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода Баткендин Достук айылына келишти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

“Учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG