29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында мекенин коргоп жатып, курман болгон аскерлердин арасында прапорщик Бекзод Юлдашев да бар эле. Ал айдаган автоунаа Көк-Таш айылына курал жеткирип келе жатканда ок атууга кабылган. 10-майда Бекзод 31 жашка толмок, маркумдун артында үч баласы, жубайы калды.
"Азаттыктын" тажик кызматы ("Озоди" радиосу) 28-30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон жаңжалда каза тапкан тажик жарандарынын саны 20га жеткенин билдирди.
Бул тууралуу Чорку айылынын башчысы Шукурхон Насриев радиого ырастап, Набиев армияда кызмат өтөп келгенин билдирген. Маалыматка караганда, кайтыш болгондордун теңинен көбү же 11и аскер кызматкерлери.
Тажик өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын санын расмий жарыялай элек. "Озоди" радиосу Тажикстанда соңку чек ара жаңжалынан 90дой адам жабыркаганын маалымдады.
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт.
Президент Садыр Жапаров 5-майда тийиштүү жарлыкка кол койду.
Комиссия 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, жабыр тарткан жарандардын, ишканалардын, турак жайлардын тизмесин жана зыянын тактайт.
Жабыркагандарга көмөктөшүү максатында жарандар жана уюмдар берген каражаттар үчүн атайын эсеп ачылат. Курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку жардам берүү чараларын иштеп чыгат. Азык-түлүк, суу, электр энергиясы менен камсыздоо маселесин карайт. Талкаланган чек ара тозотторун жана пункттарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүп, республикалык бюджеттен каржы маселесин карайт.
Мындан башка да бир катар милдеттенмелер жүктөлгөн комиссияга премьер-министр төрагалык кылат. Комиссиянын курамына бардык министрликтердин, күч органдарынын жетекчи орунбасарлары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери кирет.
Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзөлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.
“Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге жардам көрсөтүү президенттин атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп эсептелет деп белгиленсин”, - деп жазылган жарлыкта.
Документке ылайык, өкмөткө, Улуттук банкка чек ара жаңжалынан жабыркаган аймакка, жарандарга ар тараптан жардам берүүнүн жол-жобосун, тартибин иштеп чыгуу, долбоорлорду, программаларды даярдоо тапшырылды.