Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
11:09 7.5.2021

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (International Federation For Human Rights - FIDH) Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы 12 мүчө уюм менен бирге кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда адам укуктарын бузуу фактыларын иликтеп, мындай эскалацияны болтурбоо үчүн эл аралык коомчулукту тезинен чара көрүүгө чакырды.

Федерация кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн БУУнун жана Евробиримдиктин механизмдерин иштетүүгө, Кыргызстанды Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоого үндөдү.

Эл аралык уюм өз билдирүүсүндө карапайым тургундарга туш-келди күч колдонулганына тынчсызданып жатканын билдирген. Оор курал-жаракты жай тургундар жашаган аймактарга колдонуу - жарандардын өмүрүн коркунучка кептей турганын жана аларды колдонууга дүйнөдө тыюу салынарын эскерткен.

Ошону менен катар эл аралык федерация эки тарапты ок атышпоо режимин сактоого, жарандардын коопсуздугуна көңүл бурууга, жабыркагандарды гуманитардык жардам менен камсыздоого, карапайым тургундардын арасындагы жоготууларга жооптууларды иликтөөгө чакырган.

5-майда федерациянын расмий сайтында 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик арасында болгон кагылышууда алдын ала маалыматтарга ылайык эки тараптан 50дөн ашуун адам курман болуп, 300дөн көп адам жаракат алганы, ондогон обьектилер талкаланганы жазылды.

Каза болгондордун арасында эки бала да болгону белгиленген. Уюм 4-майга карата Кыргызстандын 45 миңге чукул, ал эми Тажикстандын 15 миңдей тургуну коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн маалымдады.

16:02 7.5.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда мерт болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга бир жолку төлөнүүчү кенемте тууралуу долбоорду даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилет. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен оор жараат алды дегендер 100 миң сомдон алат. Азыраак жараат алгандарга 50 миң, ал эми жарааты жеңилдерге 30 миң сомдон бөлүнөт.

Аркадагы өрт: аткечиликти айыптаган эл

Аркадагы өрт: аткезчиликти айыптаган эл
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00

16:04 7.5.2021

Тажикстандын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар 29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен жайкын тургундар набыт болгонун билдиришти.

Акцияга катышкандардын бири Сейитбек Усманов бул операция алдын-ала даярдалган деп белгилеп, анын жүрүшүндө оор аскердик техника колдонулганы, жайкын тургундардын мерт кетип, жабыр тартканына көңүл бурду.

Ал АКШнын Конгрессине кайрылып, бул аракеттери үчүн тажик президенти Эмомали Рахмонду жакындарына менен бирге санкция салып, “Магнитский тизмесине” киргизүүгө чакырды.

Буга чейин Германия, Италия, Швейцария, Британия, Канадада жана АКШнын бир катар шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык мекемелеринин алдында чек арадагы окуяны айыптап, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында акциялар өткөн.

19:20 7.5.2021

Министрлер кабинети Баткенде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Маргун айылынан Даркумга чейинки жолду куруу башталганын билдирди. Иш андан ары Самаркандек-Даркумге чейин уланат жана жолдун жалпы узундугу 44,1 чакырымды түзөт.

Ошондой эле 10,1 чакырымды түзгөн Кулунду-Максат-Арка автожолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталат.

3-майда өкмөттүн токтому менен Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыйраган социалдык жана чарбалык объектилерди калыбына келтирүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн.

Буга чейин ттранспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев коогада 3,5 миң чарчы метр жол жарактан чыкканын, бир топ жол белгилери уурдалып, бүлүндүрүлгөнүн маалымдаган.

Кайынбаевдин ырасташынча, алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашкан.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG