Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундары райондун борбору Дароот-Коргонго жана башка айыл өкмөттөргө эвакуация болууда. Бул тууралуу Ош облустук администрациясы билдирди.
Маалыматта саат 19:30га карата Чоң-Алай райондук администрациясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жергиликтүү тургундарды коопсуз аймакка көчүрүп жатканы айтылат.
Ош блусунун башчысынын тапшырмасы менен гуманитардык жардам уюштуруу иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.
Маалыматты жергиликтүү тургундар да ырастады. Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундарынын айтуусунда, айыл өкмөтү, милициянын аймактык тескөөчүсү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элди 25 км алыс аймакка чыга турууну суранып, кары-картаңдар, аялдар жана балдар айылдан чыгып кетип жатышат.
Чек арадагы айылдарда эркектер калып жатканы кабарланууда.
Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Кара-Мык, Чулук, Шибе айылдары.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
Чек ара кызматы тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайтканын билдирди.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 4-июнда Чоң-Алай районуна чукул учуп барды. Ал жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен Чоң-Алайда жолугарын айткан.
Өкмөттүк ЭлТР телеканалы Чоң-Алай аймагынан берген видео репортажында эки өлкөнүн атайын кызматтары жолугуп, бирок маселе чечилбеген бойдон калганын маалымдады.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырды.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.
Талаштуу аймактардын 13,6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туш келет.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалуу соңку эки айдан бери күчөп кетти. Буга эки өлкөнүн чек арасындагы 28-30-апрелдеги жана 1-майда болгон жаңжал себеп болду. Анда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган.
Баткен жана Согд облустарынын башчылары телефондон сүйлөштү
Кыргызстандын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен 4-июнда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан кабарлашты.
Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо темасын кеп кылышты. Алар буга чейин эки тараптын келишими менен түзүлгөн милициянын жана чек арачылардын биргелешкен постун, жөө патрулдардын ишин күчөтүү менен чек арадагы элди дүрбөлөңгө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү дагы бир сыйра макулдашты.
Аймак башчылар эки тарап тең чек арага аскердик күчтөрүн алып кирбөө жана жайгаштырбоону туура көрүштү.
Облус башчыларынын тапшырмасы менен чектеш жайгашкан Баткен-Исфара, Лейлек-Гафуров райондорунун акимдери жолугушту.
Жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте, чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышууда.
Баткен облустук администрациясы кабарлагандай, учурда Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, кырдаалды көзөмөлгө алып жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү 5-июнда саат 9:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында абал туруктуу экенин маалымдады.
Мекемеден кабарлашкандай, түнкүсүн эч кандай инцидент катталган жок. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Чек ара кызматынын аймакта жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
"Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Марат Акимбек уулунун кабарлашынча, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугушканы жатат.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирет. Органдын билдирмеси президенттин сайтында жазылды.
Маалыматта айтылгандай, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялап жатат.
“Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турат. Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экенин баса белгилейт. Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер улантылууда”, - деп айтылат билдирмеде.
Президент Садыр Жапаров быйыл 8-майда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жетекчилигине Марат Иманкулов дайындалган.
Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 5-июнь таңкыга карата Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында абал салыштырмалуу туруктуу экенин маалымдаган.