Орусиянын Тува аймагынын башчысы Шолбан Кара-Оол экинчи ирет коронавируска чалдыкканын билдирди. Ал «Инстаграм» социалдык тармагындагы баракчасына жайгаштырган видеодо үч ай мурда коронавирус менен ооруганын, эми кайра эле ошол диагноз менен инфекциялык ооруканага түшкөнүн айтты.
Ал бул ирет оорунун белгилери мурдагы жолкудан айырмаланарын кошумчалады. «Көкүрөгүм эмес, башым катуу ооруп жатат. Өлбөш керек», - дейт ал видеодо.
Шолбан Кара-Оол экинчи жолу бул ооруну жугузуп алуу мүмкүн эмес экенине ишенгенин айтат.
Тува Республикасынын башчысынын анализинде коронавирус май айында табылган. Аны менен кошо анда өкмөттүн бир нече мүчөсү ооруканага түшкөн.
Орусияда коронавируска 960 миңдей адам кабылган, 16,5 миңдей киши бул оорудан көз жумган.
Коронавирусту экинчи ирет жугузуп алганы расмий катталган адам тууралуу Гонконг университетинин окумуштуулары 24-августта билдиришкен. Алардын иликтөөсүнө караганда, бейтап бул жолу жугузган коронавирус бир нече ай мурда чалдыккан коронавирустун штаммынан айырмаланган.
24-августта Мексикадагы 30 миллиондой мектеп окуучуларына сабактар телекөрсөтүү аркылуу өтүлө баштады. Өлкөдө Интернет бардык аймактарда жеткиликтүү болбогону үчүн бийлик ушундай чечимди кабыл алган.
Телекөрсөтүү өлкөнүн 94% жеткиликтүү болсо, Интернет 70-80% гана жабат.
Мексикадагы ата-энелердин көбү сыналгы аркылуу өткөрүлүп жаткан сабактардын сапатына нааразы. Алар балдар ансыз да үйдө отуруп психологиялык жактан жабыркады деп эсептешет.
Өлкөдө мектептерге барып окуу март айында токтотулган. Мексика коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө АКШ менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунду ээлейт.
Ал эми Кошмо Штаттарда аралыктан окутуунун биринчи күнүндө ZOOM байланыш платформасындагы алишемдиктер сабактарды үзгүлтүккө учуратты.
Пандемия башталганы онлайн жыйындар, сүйлөшүүлөр үчүн активдүү колдонулуп келген ZOOM эки жарым саатка өчүп калган. Компания анын себебин түшүндүргөн жок.
Дүйнөдө коронавирустан 811 миңден көп адам каза болду, инфекцияга 23,5 миллион адам чалдыкты.
25-августтагы онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкө аймактарынын ичинен Жалал-Абад жана Баткен облустарында коронавирустун жайылышы дагы эле көп болуп жатканын маалымдады.
«Динамика оңолгону менен кооптонуу бар. Тилекке каршы, кайрадан оору жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан тийиштүү санитардык талаптар: беткап кийүү, колду самындап жууп туруу, антисептик колдонуу жана социалдык аралыкты сактоо тууралуу унутпаңыздар», - деди ал.
Кыргызстанда 25-августта коронавирус жана пневмония дагы 119 адам жаңы аныкталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-августтагы брифингде билдирди. Вирус аныкталгандардын 15и Бишкекте. Ошто – 8, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда - 15, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 39, Баткен облусунда - 19, Талас облусунда – 4 учур катталды.
Ушуну менен 25-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандар 43 245 адамга жетти. Акыркы суткада 310 адам ооруканадан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан берки убакта бул оорудан 36 925 адам айыкты. 25-августта коронавирус жуктуруп каза болгондор катталган жок. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1057 адамга жеткен. Стационарда 1021, амбулатордо 4563 бейтап дарыланууда.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.