Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:42 27.8.2020

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 дагы 101 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-августтагы брифингде билдиргендей, вирус жаңы аныкталган учурлардын 32си Бишкекте, 18и Ысык-Көлдө, 16сы Жалал-Абад облусунда, ону Ош облусунда, сегизи Баткенде, жетөө Чүй облусунда, бешөө Нарын облусунда, төртөө Талас облусунда, бирөө Ош шаарында катталды.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Расмий маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

27-августка карата коронавирус жугузуп алгандар 43459га жетти. Анын 37492си айыкты.

14:40 26.8.2020

Бишкек шаарында коронавирустун жайылышына байланыштуу кооптуу абал сакталууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы онлайн брифингде билдирди. Үсөнбаев баш калаанын жашоочуларына кайрылып, этият болууга чакырды.

Анын айтымында, санитардык эрежелерди колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, беткап кийүү азыр деле маанилүү болуп турат.

Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери өлкөдө илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.

12:35 26.8.2020

Өлкө боюнча жума намаздарын санитардык талаптарды сактоо менен мечиттерде окууга уруксат берилди. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы «Азаттыкка» кабарлады.

Жума намаздарын мечитте окууга келгендер төмөнкү талаптарды сактоо тийиш:

- Беткап тагынуу;

- Адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты сактоо;

- Кол алышпоо, кучакташып көрүшпөө;

- Даарат алуу жана сүннөт намаздарын үйдөн окуп келүү.

Мечиттин айланасын дезинфекциялоочу каражаттар жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

Сунуштар:

- Балдарга, карыяларга, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандарга мечитке келбөө сунушталат.

- Мечиттен 15-20 мүнөт аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

- Жамаат намаздарын ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

- Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, жарандардан жума намазга уруксат берүү тууралуу өтүнүч түшүп жатканын билдирген.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазын өз алдынча окууга уруксат берилген. Мындай чечимди 9-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алган.

Буга чейин марттын этегинен баштап эки ай карантин учурунда жума намазга убактылуу тыюу салынган. Майдын аягында карантин эрежелери жумшаргандан кийин жума намазга уруксат берилген.

11:39 26.8.2020

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир киши кайтыш болду. 113 кишиден коронавирус лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы брифингде билдиргендей, вирус жугузуп алгандардын 42си Бишкекте катталды.

Баткен облусунда - 21, Ысык-Көл облусунда – 16, Ош облусунда - 12, Чүй облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Ош шаарында– 3, Нарын облусунда – 3, Талас облусунда бир кишиден вирус табылды.

Расмий маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

26-августка карата вирус жалпы 43358 кишиге жукту. Анын 37 217си айыгып чыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG