Кыргызстанда өпкөнү сезгентүүчү коронавирус илдети менен пневмониянын эл арасында жайылышы токтой элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августтагы брифингде билдирип, катталып жаткан учурлар коронавирус менен пневмониянын жайылышын көрсөтүп жатканын айтты. Ал жарандарга кайрылып, беткап тагынууга, аралыкты сактоого, колду жууп турууга, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
"Азырынча коронавируска каршы күрөштү токтотуп, өзүбүздү бош кое бергенге эрте", - деди Нурболот Үсөнбаев.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда учурда коронавирус жугузуп алган 5000ден ашуун бейтап дарыланып жатат.
Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишини түздү.
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 128 кишиден аныкталды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августтагы брифингде билдиргендей, Бишкекте - 18, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда- 14, Талас облусунда - 6, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 27, Баткен облусунда - 21 кишиден вирус табылды.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишини түздү.
Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.
Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандар 43587ге жетти. Анын 37726сы айыкты.
Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги 26-августта өлкө боюнча 38 миңден ашуун адамдан өпкөнү сезгенткен коронавирус табылганын билдирди. Бул шаршемби күнү дүйнө өлкөлөрүндө катталган эң чоң көрсөткүч.
Акыркы бир сутка ичинде Индияда COVID-19 илдетинен көз жумгандар дагы 1023 кишиге көбөйүп, алардын жалпы саны 60 миңден ашты.
Индия вирусту жугузуп алгандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ жана Бразилиядан кийинки үчүнчү орунда турат. Өлкөдө коронавирустун тастыкталган учурлары 3 миллион 310 миңден ашты.
Дүйнөдө былтыр декабрь айында Кытайдан башталган вирусту жугузуп алгандардын расмий саны 24 миллион 182 миңден ашты. COVID-19 илдети баш-аягы 826 миңден адамдын өмүрүн алды.
Кыргызстанда COVID-19 илдети менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн дарыгерлер, мамлекеттик, күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлер, журналисттер сыйланды. Президент Сооронбай Жээнбеков 27-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, «Даңк» медалы менен сыйлангандар:
Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов;
Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун «Арал» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сапарбек Исаев;
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын № 13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Замирбек Мазаитов;
Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы Суюнбек Ниязбеков;
Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын айыл башчысы Баатыр Полотов;
Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-дарыгери Ольга Сиротина;
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы Жоомарт Токторалиев;
Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын дарыгери Жылдызкан Торогелдиева;
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Дамира Чарабаева.
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» деген наам 20дан ашык медицина кызматкерине ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен 40тай киши сыйланды. Толук тизме бул жакта.